Экономика

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылы 14,6%га өстү

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 14,6%га өсүп, 1 млрд 232 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Бишкекке иш сапары менен келген казак кесиптеши Мурат Нуртлеу менен жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, оор геосаясий шарттарга карабастан Кыргызстан менен Казакстан айрым аймактарда соода алакасын сактап, бекемдеп келет. […]Читать далее

Укук тартиби

Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы

Кыргызстандын аймагында 22нен 28-январга чейинки аралыкта 23 миң 400 жол эрежесин бузуу факталыра катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти. Алардын ичинен: Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 326 Мас абалында рулга отуруу — 379 Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 38 Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 557 […]Читать далее

Укук тартиби

Салык кызматы норка тумактарынын мыйзамсыз импортун аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөдөн баш кийимдерди мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Атап айтканда, “Ош” эл аралык аэропортунун ЕАЭБ өлкөлөрүнөн учуп келүү зонасында жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунан башка өлкөнүн жараны 152 норка тумагын мыйзамсыз импорттоого аракет кылган. Импорттоочуда товарга тийиштүү эч бир коштоочу документтер болгон эмес. Жыйынтыгында товар […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Жолугушууга “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская жана Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев да катышты. Жолугушууда тиешелүү мыйзамдардын аткарылышы жана […]Читать далее

Укук тартиби

Таласта милициянын сержанты пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты Б.у.Н. кармалды. Атап айтканда, Б.у.Н. системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражаты алып турган. Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси […]Читать далее

Президент

Президент Казакстандын премьер-министринин орун басары Мурат Нуртлеуну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды. Тараптар кыргыз-казак көп пландуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, ошондой эле соода-экономикалык ишмердүүлүктү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул максаттарда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүү сунушталды. Мамлекет башчысы […]Читать далее

Коом

Бишкекте 30-январдан тарта жол кире акысы кымбаттайт

 Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире акысы кымбаттайт. Бул тууралуу мэриядан эске салышты. Жол кире акысы төмөнкүдөй болот: Троллейбуста – 17 сом; Автобуста – 17 сом; Маршруткаларда – 20 сом; валидаторлор орнотулган автобус жана троллейбустарда накталай төлөм 20 сомду түзөт. Пенсионерлер, 7 жашка чейинки балдар, майыптыгы барлар автобус менен троллейбустарда акысыз жүрөт. Ал эми […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Бардык мамлекеттик органдардын практикалык материалдык-техникалык базасын жаңылоого жетиштик

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине автоунааларды тапшыруунун расмий аземине катышты. МинКаб Төрагасы өз сөзүндө баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү укук коргоо органдарынын гана эмес, жалпы коомчулуктун милдети экенин белгиледи. “Баңги заттардын бардык түрлөрү адамдын ден соолугуна орду толгус зыян келтирет. Алар […]Читать далее

Спорт

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын спортчуларына спорттук наамдар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык, Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө спорттук наамдар ыйгарылды. Ислам Баялиновго “Ардагерлер арасында Эл аралык даражадагы спорт чебери наамы”, Эрлан Шеровго “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спортчусу” наамы, жана Кыял Амантуровага “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамы ыйгарылды. […]Читать далее

Коом

ЮНИСЕФ Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана даярдыгын күчөтүү үчүн 25 чоң чатыр тапшырды

ЮНИСЕФ КР Өзгөчө министрлигине 25 чоң чатырды тапшырды. Аларды жаш балдарды окутуу, тамактануу же саламаттыкты сактоо боюнча убактылуу кызмат көрсөтүүчү, же адамадарды убактылуу жайгаштыруучу жай катары колдонсо болот. Жабдуулардын жалпы баасы 4,7 млн сомдон ашат. Тапшыруу аземи Ош шаарында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучусу Кристина Бруджиолонун катышуусу менен өттү. Чатырлардын жылуу жана суук аба ырайы шарттарына ылайыктуу эки түрү бар. Чатырлардын өлчөмдөрү 72 жана 42 чарчы метрди түзөт. Андан тышкары, ЮНИСЕФ пол төшөө катары колдонула турган брезент жана өзгөчө кырдаалдар убагында колдонулуучу санитардык шаймандарды берди. «Тилекке каршы, биз бардык кырсыктарды алдын ала албайбыз. Бирок аларга даярдык аркылуу  алардын терс кесепеттерин жеңилдетсек болот. Бул жабдуулар Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана калкты, өзгөчө жаш балдарды, коргоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөт деп ишенебиз», – деп белгиледи Кристина Бруджиоло. ЮНИСЕФ балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлүп, Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүдө колдоо көрсөтүүнү улантат.Читать далее