Коом

Энергетика тармагына акыркы үч жылда 261 атайын техника сатып алынды

2020-жылдары энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомго жеткен. ГЭСтер курулбай, электр жабдуулары эскилиги жетип, өчүрүүлөр көп катталган. Ал эми Садыр Жапаров Президент болгондон бери акыркы үч жылда мамлекет энергетика тармагына өзгөчө көңүл бөлүп баштады. Кубаттуулугу 1860 МВт “Камбар Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык иштерин баштады. 2022-жылы Токтогул ГЭСинин 4ГА реконструкциясы аяктап, ишке киргизилип, кубаттуулугу 300МВттан 360 […]Читать далее

Коом

“Айыл чарбасын каржылоо – 12”: Быйыл дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом

2024-жылы “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 26-январдагы тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды.   “Бул долбоорду ишке ашырууга […]Читать далее

Билим

Кыргызстанда 1-класстын окуучулары кошумча бир жумалык каникулга тарайт

  Кыргызстанда 1-класстын окуучулары кошумча бир жумалык каникулга тарайт 30/01/24 12:17 БИЛИМ0 Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда 1-класстын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумалык каникул берилерин жана анын күндөрүн ар бир регион өз алдынча аныктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Кошумча каникулду райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары ар […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда Көк-Арт суу сактагычын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма дарыясына Көк-Арт суу сактагычын куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы кабарлады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын суу чарба объектилерин куруу дирекциясы долбоордук-сметалык ишин иштеп чыгууга тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 25 млн сомду […]Читать далее

Экономика

Жүргүзүлүп жаткан салык саясаты бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна

Жүргүзүлүп жаткан салык саясаты бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталат. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2024-жылдын 30-январында Бишкекте өтүп жаткан «Салык системасын трансформациялоо жолу» Кыргыз Республикасынын Улуттук салык форумунда сүйлөп жатып билдирди. Министр белгилегендей, салык саясаты мамлекеттин экономикалык стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана мамлекет менен бизнестин кызыкчылыктарынын балансын […]Читать далее

Коом

Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери улантылууда

Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери улантылууда. Бул тууралуу КРнын Энергетика министрлиги билдирди.  Ысык-Көл облусунда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун экинчи этабы ишке кирип Балыкчы шаарында, Түп жана Ак-Суу райондорунда кардарларга электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын(акылдуу эсептегичтер) орнотуу иштери жүрүүдө. Учурда долбоордун экинчи этабынын алкагында 8000 ден ашык акылдуу эсептегичтер […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жумушчу көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Отурумда салыктык башкарууну санариптештирүү маселеси каралды. Анда министрлер кабинетинин төрагасы жалпы салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүлүшү үчүн салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөөрүн билдирди. “Азыр 21-кылым, заманбап технологиянын заманы. Салыкты көзөмөлдөгөн ар бир […]Читать далее

Коом

Өлкө аймагында жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-январда саат 4:27де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Бедел айылында 5 баллга (Бедел айылынан 45 чакырым түштүк батышта, Ыштык айылынан 60 чакырым түштүктө, Кумтөр ишканасынан 75 чакырым, Каракол шаарынан 153 чакырым түштүк чыгышта) […]Читать далее

Коом

Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн

Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 30-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат — президенттин маалымат катчысы

Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат. Маалыматты “Кабар” агенттигине президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов тастыктады. “Ооба, Президент Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат. Учурда узак мөөнөттүү, өлкөбүз үчүн стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлорго старт берилип, пландалып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадамы болот”, – деди Аскат Алагөзов.Читать далее