Дзюдо боюнча улуттук курама команданын спортчуларына спорттук наамдар тапшырылды

 Дзюдо боюнча улуттук курама команданын спортчуларына спорттук наамдар тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык, Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө спорттук наамдар ыйгарылды.
Ислам Баялиновго “Ардагерлер арасында Эл аралык даражадагы спорт чебери наамы”, Эрлан Шеровго “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спортчусу” наамы, жана Кыял Амантуровага “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамы ыйгарылды.
Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов тапшырды.

Связанный пост