Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылы 14,6%га өстү

 Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылы 14,6%га өстү

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 14,6%га өсүп, 1 млрд 232 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Бишкекке иш сапары менен келген казак кесиптеши Мурат Нуртлеу менен жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, оор геосаясий шарттарга карабастан Кыргызстан менен Казакстан айрым аймактарда соода алакасын сактап, бекемдеп келет.

“Акыркы жылдары эки тараптуу сооданын туруктуу өсүшү байкалды. Алсак, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 1 млрд 232 млн АКШ долларын түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,6%га көп”, – деди ал.

Тышкы саясий ведомствонун башчысы белгилегендей, өлкө башчыларынын тапшырмасы боюнча эки өлкөнүн тармактык мамлекеттик органдары жакынкы аралыкта соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Связанный пост