Коом

Ошто спорт шаарчасында шарттар жакшырат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүнүн боюнда жайгашкан бир катар спорттук мекемелерге барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мында шаар башчысы жаңыдан курулушу жүрүп жаткан муниципалдык күрөш залын көрүп, андан ары «Дельфин» бассейнин, А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионун, Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Жетигенов жеринде тиешелүү кызматтарга шаардын спорт тармагын […]Читать далее

Саясат

КР ТИМ башчысы Япония ТИМнин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнюек Кулубаев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, элчи Масаки Икегамини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү, анын ичинде саясий, соода жана инвестициялык чөйрөлөрдүн учурдагы абалын жана келечегин кылдат карап чыгышты.   Министр Кулубаев Кыргызстандын […]Читать далее

Аймак

Кумтөр Нарын облусундагы муктаж үй-бүлөлөргө 600 тонна көмүр таратты

Социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Нарын облусунда жашаган социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 600 тонна көмүр таратты. Алсак, Нарын шаарынын жана Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун ар бирине 100 тоннадан көмүр берилген. Буга чейин 2024-жылдын январь айында Ысык-Көл облусунда жашаган социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө […]Читать далее

Аймак

Нарында айыл өкмөттөрүнүн өнүгүү пландары талкууланууда

Бүгүн, 29-январда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө айыл өкмөттөрүнүн өнүгүү пландары талкууланууда. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Белгилей кетсек, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров тарабынан аймактарды өнүктүрүү программаларын жогорку окуу жайлардын кызматкерлери менен бирдикте иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Анын негизинде айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине С.Нааматов атындагы […]Читать далее

Аймак

Ош облусунун өндүрүш тармагы жанданат

КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев Ноокат районунун өнөр жай тармагындагы ар кандай себептер менен токтоп турган бир катар объектилерди текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө токтоп турган ишканалардын ишин калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү, ошондой эле соода-логистикалык борборду жана «Кыргыз жер семирткичтери» заводун куруу сыяктуу жаңы демилгелерди колдоо зарыл экендиги айтылды. Ноокат районунун […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги: Бардык жатак үйлөрдө видеокамералар орнотулду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Министрликтин улгайган жарандар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор жашаган социалдык стационардык мекемелеринде видеокамералар орнотулду. Мындай чара Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун социалдык коргоо системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу максатында жана Эмгек, соцалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова өткөн жылдын сентябрь айында кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Шакиев: Айыл чарба тармагын мыкты түшүнгөн, аны өнүктүрүүнүн заманбап

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине барды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Алгач Төрага окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу бөлмөлөрүн жана лабораторияларын көрүп чыкты. Андан соң окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан үчүн билим берүү тармагы артыкчылыкка ээ […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Тармактык комитет жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды ѳткѳрүүгѳ карата даярдыктын жүрүшү

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасында 2024-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды ѳткѳрүүгѳ карата даярдыктын жүрүшү жѳнүндѳ» Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматын укту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Бул багытта Суу ресурстары, айыл чарба жана […]Читать далее

Коом

Быйылкы жазгы талаачылык жумуштарына республика боюнча 80 миңден ашык айыл

Жазгы талаачылык жумуштарына республика боюнча 80 миңден ашык айыл чарба техникалары даяр. Бул тууралуу КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлиги маалымдады. Быйылкы жазгы талаачылык жумуштарына республика боюнча 80 миңден ашык айыл чарба техникалары даяр, анын ичинен: 📌тракторлор 21683 даана, 📌соколор 10667 даана, 📌үрөн сепкичтер 3211, 📌жер семирткич чачкычтар 678 даана, 📌малалар […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан жана Казакстан ТИМ башчылары 2024-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол койду

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстан жана Казакстан ТИМдеринин ортосундагы 2024-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол койду. КР ТИМден билдиришкендей, кол коюу аземи Казакстандын ТИМ башчысы Мурат Нуртлеунун Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында орун алды. Жолугушууда ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык […]Читать далее