Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

 Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 22нен 28-январга чейинки аралыкта 23 миң 400 жол эрежесин бузуу факталыра катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 326
  • Мас абалында рулга отуруу — 379
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 38
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 557
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 295
  • Автоээнбаштык — 8
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 919;
  • Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 4
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 13 874;

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост