Айтматов районунун Ак-Жар айылында 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

 Айтматов районунун Ак-Жар айылында 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн, 1-мартта Айтматов районуна караштуу Ак-Жар айлындагы А.Калыбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов, Айтматов районунун акими Б.Сагымбаев, юстиция министри Аяз Баетов, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору М.Жыпаркулов жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, мугалимдер менен айыл тургундары катышты.

 

Белгилей кетсек, аталган билим уясы төрт корпустан турган типтүү эмес мектептердин катарына кирип, мектептин алгачкы корпусу 1928-жылы пайдаланууга берилген. 2-корпусу 1990-жылы ашар жолу менен курулган. Ал эми 3-корпусу 1978-жылы фин тибинде, 4-корпус 2004-жылы ашар жолу менен курулуп, долбоор боюнча 180 окуучуга ылайыкташтырып ишке берилген. Бүгүнкү күнгө чейин мектепте 278 окуучу эки кезек менен билим алып келишкен.

 

Авариялык абалдагы деп эсептелинген А.Калыбаев атындагы орто мектебинин имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу 2015-жылы республикалык буюджеттин эсебинен 225 орундуу эки кабат мектептин курулуш иштери башталып, акча каражатына байланыштуу курулуш иштери токтоп калган. 2022-жылы күз айларында курулуш иштери кайрадан жандандырылып, толугу менен курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

 

Мектептин курулушунун жалпы сметалык наркы, эмеректери менен 79 млн сомду түзүп, курулуш иштери “Арга Ишеним” ЖЧК тарабынан жүргүзүлдү.

Связанный пост