Ош шаарында мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн мекемелер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте аймактагы кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууну аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын бильярд клубунун ичинде жана базардын аймагында тиешелүү лицензиясы жок кумар […]Читать далее
Акылбек Жапаров Кытайдын Артыш шаарындагы маданий борборго барды 02/03/24 12:27 ӨКМӨТ0 Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Артыш шаарындагы маданий борборго барды. Маданий борбордо минкаб башчысына Кызыл-Сууда отурукташкан элдердин анын ичинде кыргыздардын тарых таржымалын айтып беришти. Ошондой эле Минкаб башчысы тарыхый экспонаттар, […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-марттан 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында, (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында, (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (КараЧитать далее
Президент Садыр Жапаров Садыр “КР Улуттук банкынан “Керемет Банк” ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин КР министрлер кабинетинин сатып алуусу жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 14-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам коммерциялык банктарды көзөмөлдөө органы – КР Улуттук банкынын кызыкчылыктарынын каршы келип калышына жол бербөө үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында кабыл […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолукту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү, ошондой эле экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды илгерилетүү жаатындагы маселелерди чечүү боюнча өз ара аракеттенүү планына кол коюшту. Министрдин айтымында, документ […]Читать далее
Акылбек Жапаров Кашгарда бир катар компаниянын өкүлдөрү жана банктардын жетекчилери
КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян Уйгур автономиялуу районуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кашгар шаарында бир катар компаниялардын өкүлдөрү жана СУАРга негизделген банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. «Саясий диалогдун жогорку деңгээли-Кыргызстан менен Кытайдын региондорунун арасында экономикалык маселелерди илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Кытай компаниялары эл аралык жана инфраструктуралык, анын ичинде курулуш, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен биргеликте “Улуу чат” бажы терминалына жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна барышты. “Улуу чат” бажы терминалынын базасында Кыргызстан аркылуу кирген товарларды сактоочу атайын көзөмөл кампасын куруу мерчемделип […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Эл аралык республикалык институтунун сурамжылоосунун жыйынтыгын Facebook`тагы расмий баракчасына жарыялады. “Акыркы убактарда жалпыбыз президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформалар саясатында иш жүзүнө ашып жаткан көптөгөн далилдүү иштерге жана жакшы башталыштарга күбө болуп жатабыз. Укмуштуудай кескин экономикалык бийиктиктер жана социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүдөгү ийгиликтер менен кошо, биз эл аралык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Бангладештин премьер-министри Шейх Хасинага көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Ушул жылдын 29-февралында Дакка шаарындагы соода борборунда болгон ири өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду жана жабыркады деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл […]Читать далее
Бүгүн, 1-мартта III Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча орун басары шейх Абдулла бин Ахмед Аль Халифа менен кыскача жолугушуу өткөрдү. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн мамилелеринин ар түрдүү чөйрөлөрдөгү учурдагы абалы боюнча пикир алмашып, бийик жана жогорку […]Читать далее