Өлкө башчысы Садыр Жапаров “Кабар” агенттигинин бир катар суроолоруна жооп берди. Анда “Клооп Медианын” жабылышы, өлкөдөгү сөз эркиндиги, иликтөө журналистикасы тууралуу кеп козголду. — Саламатсызбы, журналисттер коомчулугуна “Клооп Медиа” деген ат менен таанымал коомдук фондун жоюу тууралуу чечимди Жогорку сот кабыл алганын жергиликтүү ЖМКлардын бири кабарлады. Бул боюнча сизде маалымат бар беле? — […]Читать далее
Кыргызстанда мүлк салыктарын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар башталат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1-сентябрга чейин салык төлөбөгөн мүлктүн ээлери салыктын негизги суммасын гана эмес, административдик айып пулду, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туумду төлөөгө милдеттүү болушат. Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом […]Читать далее
Бүгүн Барскоон – Учтурфан – Аксу унаа жолунда “Бедел” өткөрүү пункту ачылат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Барскоон – Учтурфан – Аксу унаа жолундагы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк түзөт. Учурда Барскоон-Учтурфан-Аксу унаа жолунун Кара-Сай айылынан №6 чек ара заставасына чейинки узундугу 58 чакырымга жеткен жолду оңдоо-калыбына келтирүү […]Читать далее
8 айда Кыргызстандан 108 миңге жакын бодо мал экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал эми бул аралыкта 18 миң 172 мал импорттолгон. Анын ичинен: Экспорт: бодо мал – 107 602 баш; кой-эчки – 91 016 баш; жылкы – 5 708 баш. Импорт: бодо мал […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого Сыргабаев Абсаттар Токтогуловичтин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды. Жыйында талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Депутат Гүлшаркан Култаева Абсаттар Сыргабаевдин ишине ийгиликтерди каалап, республика боюнча автожолдордун курулуш иштерин аяктоо зарылдыгына көңүл […]Читать далее
Президенттин администрациясынын мурдагы имараты Экономика жана Тышкы иштер министрликтерине берилди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын мурдагы имаратын Экономика жана коммерция министрлиги менен Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берди. Имарат борбор калаадагы Абдумомунов, 207 дарегинде жайгашкан. Белгилей кетсек, Бишкектин түштүк тарабындагы президенттин администрациясынын жаңы имараты “Ынтымак Ордо” 30-августта салтанаттуу түрдө ачылган.Читать далее
Бүгүн таңга жуук саат 04:49да Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кара-Киндик айылынан түштүк-батышка карай 6 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 19 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөө калктуу пунктарда – Кара-Киндик айылында 3 баллга жакын, ал эми Сары-Таш айылында 2,5 баллга чейин […]Читать далее
Кыргызстанда 26-августтан 1-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 769 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 645; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 259; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 72; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Санкт-Петербург шаарынан (Россия) ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жана 6 айлык эки баланы мекенге кайтарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Балдардын кайтарылышы Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы үч жылда кароосуз калган 38 жашы жете элек […]Читать далее
Минкаб башчысы өлкөнүн алыскы аймактарына мектеп автобустарын тапшырууга катышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн алыскы аймактарындагы билим берүү мекемелерине 50 мектеп автобустарын тапшыруу аземине катышты. Белгилей кетсек, автобустар «Евразия» эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү коммерциялык эмес автономдуу уюму тарабынан берилген. «Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эчактан бери бекем өнөктөштүк бар жана биз россиялык кесиптештерибиздин өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору […]Читать далее