Билим

Бүгүн Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады

Бүгүн Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 2024-2025-окуу жылынын башталышында жалпы билим берүүчү мекемелердин 1-4-класстарына биринчи сабак “Билим – бул күч” темасында өтүлөт. Сабак Кыргызстандын түптөлүшүнө жана билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар, билимдин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү максатын көздөйт. Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак […]Читать далее

Спорт

Көк бөрү оюну боюнча Президенттин кубогу жыйынтыкталды

31-август – көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна арналган турнирдин финалдык оюндары жыйынтыкталды. Кубок үчүн “Шахтёр” жана “Ак-Илбирс” командалары күч сынашты. Биринчи бөлүктө “Ак-Илбирс” 2 салым салып үстөмүк кылса, экинчи бөлүктө 2 салым жаратып “Шахтёр” командасы эсепти теңеп кетти. Оюндун үчүнчү бөлүгү 3:3 эсеби менен аяктап, алтын салым үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Бакытбек […]Читать далее

Президент

Президент кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу окуучулар жана студенттер! Кымбаттуу агай-эжейлер! Жаңы окуу жылынын башталышында бардык мектептер, жогорку окуу жайлар жана башка билим берүү мекемелери эшигин ачып, келечек ээлерин чыдамсыздык менен күтүп алышат. Бул окуу жылында республика боюнча 127 миңден ашуун жеткинчек алгач ирет билим уясынын […]Читать далее

Коом

Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда 500дөн ашуун бала жоголду

Эгемендүүлүк күнүнө карата болгон майрамдык иш-чаралар аяктап, терс окуялар болгон жок Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана башка ички иштер органдарынын 5000ден ашуун милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө учурунда коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылышты. Майрамдык иш-чаралар башталгандан тартып аяктаганга чейин ички иштер […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров КР Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган гала-концертке катышты. Иш-чара кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолун чагылдырган даректүү тасма менен башталды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун негизделгендигинин 100 жылдыгы даталарынын маанилүүлүгүн белгилеп, алардын Кыргызстандын улуттук […]Читать далее

Президент

Президент: Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнө катышкан аталарыбыздын аттары ар бир

“Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнө катышкан аталарыбыздын аттары ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө турушу керек”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 33 жылдыгын жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоодо билдирди. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: “Ардактуу мекендештер! Эгемендик күнү менен Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдап жаткан урматтуу […]Читать далее

Коом

Бишкекте согуштун эки ардагерине батирлер берилди

Эгемендүүлүк күнүн жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алдында Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине батир тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн шаар мэри Айбек Жунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Аспек Жумашев менен Асек Урманбетовго батирлердин сертификаттарын тапшырды. Көп жылдар бою ардагерлердин турак-жай маселеси чечилбей, ушул убакка чейин […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров мыкты делген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата Президент Садыр Жапаров бир катар инсандарга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Чет мамлекеттердин Өкмөт башчылары Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун дарегине чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоолор келип түштү. Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү. “Азербайжан менен Кыргызстанды терең тарыхый, маданий жана руханий тамырлар, салттуу достук мамилелер, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаровдун дарегине чет мамлекеттердин башчыларынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине чет мамлекет башчыларынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоолору келип түшүүдө. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин өзүнүн куттуктоо телеграммасында Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздин өлкөңүз социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана ички саясий туруктуулукту бекемдөөдө […]Читать далее