Президент

Садыр Жапаров кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышына байланыштуу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстае менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек арада “Бедел” жаңы өткөрмө пунктунун ачылышына байланыштуу кайрылуу жасады.   Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:   “Бүгүн мен эртең, 2024-жылдын 3-сентябрында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин жана Кытайдан келген биздин кымбаттуу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Россия Мамдумасынын делегациясы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова менен жолугушту.   Минкаб башчысы кыргыз-орус мамилелеринин жакшы динамикасын белгилеп, Россия Федерациясы аймактык коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий өнүгүү маселелери боюнча ишенимдүү жана негизги өнөктөш экенин баса белгиледи. Бул контекстте ал «Евразия» […]Читать далее

Коом

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда саат 12:45те Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее

Билим

Мамлекеттик катчы “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында окуучуларга ачык сабак

Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында жана жаңы окуу жылынын башталышына карата мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов борбордогу Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында ачык сабак өттү. Zoom […]Читать далее

Аймак

Быйыл Ош шаарында 8,7 миң бала биринчи жолу мектеп босогосун

Быйыл Ош шаарында 8,7 миң бала 1-класска барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ошто билим күнүнө арналган иш-чаралар шаардагы бардык 69 мамлекеттик мектептерде өттү. […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 3,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

29-августка карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 499 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 751 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилген. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде: мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 331 млн сом суммасында 8 миң 206 субъектти түзөт; өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча – 420,31 млн сом суммасында 1 миң […]Читать далее

Экономика

МСК: 1-ноябрдан баштап электрондук соода платформалары ЭТТКны колдонууга милдеттүү

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, товарларды калкка сатуу жана экспорттоо үчүн интернетте электрондук соода платформасын берүүчү субъекттер 2024-жылдын 1-ноябрынан баштап ЭТТКны колдонууга милдетүү. Салык кызматынан билдиришкендей, мында, электрондук соода платформасын берген субъекттерге товарларды жеткирүүнү ишке ашырган субъекттер 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ЭТТКны тариздөөдөн бошотулган, бирок ЭТТК системасында “Эсептен чыгаруу” операциясын аткарууга милдеттүү. Ошондой эле ЭТТКны колдонуу жана […]Читать далее

Кадр саясаты

Медер Машиев жаратылыш министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Машиев Медер Асанович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Медер Машиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.Читать далее

Экономика

Кыргызстанда жашылчанын дүң жыйымы 127 миң тоннага көп жыйналды

Жашылчанын дүң жыйымы – 539,4 миң тонна, же 2023-жылдан 127 миң тоннага көп жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал эми бахчанын дүң жыйымын – 187 миң тонна, бул өткөн жылдан 61 миң тоннага көп. Ал эми мөмө-жемиштер – 44 тонна жыйналып, өткөн жылдан 10 […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Президенттик Администрациясынын «Ынтымак Ордо» жаңы имаратында биринчи аппараттык

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” жаңы имаратында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Президенттик администрациясынын үстүбүздөгү жумадагы иш планы талкууланды. «Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы […]Читать далее