Коом

Москвадагы мончодо кармалган 4 кыргызстандык жаран депортацияланат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадагы мончолордун биринде кармалган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди. Ведомстводон маалымдашкандай, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү Москвада кармалган кыргызстандыктардын укугун коргоого кошулду. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте бул кырдаалды дароо көзөмөлгө алып, Түндүк административдик аймак боюнча ички иштер башкармалыгына кайрылышкан. Учурда кармалган 24 жарандын 20сы бошотулуп, 4 жаранга Россиядан чыгаруу […]Читать далее

Аймак

Ысык-Атада “Ивановка” кичи суу сактагычы ишке берилди

Ысык-Ата районунда “Ивановка” декадалык жөнгө салуу бассейни ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев кичи суу сактагычты ишке берүүгө катышып, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан саясий багытынын алкагында агроөнөржай тарамагын жаңы […]Читать далее

Коом

Чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көл, Ала-Арча жана Бишкек шаарын кыдырды

Кезектеги турпоезд 11-апрель күнү Кыргызстанга кирип, эң алгач Ысык-Көл облусун көздөй сапар алган. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы билдирет. Туристтер облустун кооз табиятты, тарыхый жана маданий жайларды кыдырып чыгып, 12-апрель күнү кайра Бишкекке кайтышкан. Чет өлкөдөн келген коноктор Ала-Арча капчыгайын жана Бишкекти кыдырышты. Туристтик маршрут Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды камтып, үч […]Читать далее

Коом

Бишкекте үч айда автобустар катышкан 158 жол кырсыгы катталды

2025-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин Бишкекте муниципалдык автобустар катышкан 158 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Белгиленгендей, 2024-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда, мындай кырсыктар 15% га көбөйгөн. Көзөмөл органдарынын маалыматына ылайык, автобус айдоочулар тарабынан жол эрежелеринин бузулушу да көбөйгөн. Кырдаалды туруктуу кылып, айдоочулардын маданиятын жогорулатуу максатында “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги, […]Читать далее

Укук тартиби

Өлкө аймагында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылгандар кармалды

Өлкө аймагында массалык башаламандык даярдоого жана уюштурууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригип, массалык башаламандыктарды, нааразычылык акцияларын өткөрүүгө дардык көрүп жатышкан кылмыштуу топ боюнча маалымат түшкөн. Бул факт Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында катталып, […]Читать далее

Экономика

Россиядан мыйзамсыз ташылып келген 16 тонна сүт азыктары артка кайтарылды

Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 16 тонна сүт азыктары артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Чүй облусундагы “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунун “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык постунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келиген 16 536 литр сүт азыктарына текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулганы аныкталды. […]Читать далее

Аймак

Кара-Сууда асфальт-бетон жана таш майдалоочу ири завод ачылды

Кара-Сууда асфальт-бетон жана таш майдалоочу ири завод ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ачылышына министр Абсаттар Сыргабаев катышты. “Вега Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган бул өндүрүш комплекси үч негизги багытта иш алып барат. Завод күнүнө 2 миң тонна асфальт өндүрүү кубаттуулугуна ээ. Мындан тышкары, таш майдалоочу завод саатына 550 тонна курулуш […]Читать далее

Коом

Ташиев: Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөөрү менен

Эгер Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөөрү менен камалат, -деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Facebook’тагы баракчасына билдирүү калтырып. “Урматтуу эл-журт! Кечээ Конституциялык соттун К.Бакиев боюнча чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок. Конституциялык сот көз карандысыз. К. Бакиев боюнча Жогорку Соттун […]Читать далее

Экономика

Сатуудан алынуучу салыкты тапшыруу дагы жеңилдеди

Сатуудан алынуучу салык (САС) боюнча отчетту автоматтык түрдө түзүү дагы жеңилдеди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми Салык төлөөчүнүн кабинетинде отчетту автоматтык түрдө түзүү функциясы жеткиликтүү. Төмөнкү кадамдарды аткарыңыз: «Е-отчеттор» бөлүмүнө өтүп → «Отчетторду автоматтык түзүүнүн жөндөөлөрү» бөлүмүн тандаңыз; сервистин иши тууралуу маалымат менен таанышыңыз; «Жаңы макулдашуу» баскычын басыңыз; чылган терезеде “Сатуудан […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен АКШ санариптик өнөктөштүктү күчөтүүдө

Кыргызстан менен Американын санариптик өнөктөштүктү күчөтүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өнөктөштүктү күчөтүү маселеси бүгүн министрликте АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланды. Тараптар жасалма интеллектен баштап санариптик чечимдерге чейинки инновациялык технологияларды биргеликте өнүктүрүүнү талкуулады. Ошондой эле жылдын эң ири санариптик окуясы – КИТ-2025 форумуна даярдык көрүү маселеси каралды. […]Читать далее