Экономика

Кыргызстандан Өзбекстанга сыр экспорттоо боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүлдү

Кыргызстандан Өзбекстанга моцарелла сырын экспорттоо боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик продукцияны тышкы рынокко экспорттоо максатында активдүү иш алып барууда. Ушул багытта бүгүн Ташкент шаарында “Элит Моцарелла” компаниясынын башкы директору Ахмет Генч менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун жолугушуусу уюштурулду. Жолугушуунун […]Читать далее

Президент

Кыргыз-кытай өкмөттөрү ортосундагы Соцкамсыздандыруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 5-февралында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жогоруда белгиленген макулдашуу эки өлкөнүн жарандары үчүн Кыргыз Республикасына карата курагы, майыптыгы, багуучусунан айрылгандыгы боюнча камсыздандырууга (республикалык бюджеттен […]Читать далее

Коом

Өлкөдө бир жумада 21,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 7-июлдан 13-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча, 21 682 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 677; мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 274; унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 143; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 977; транспорт […]Читать далее

Кадр саясаты

Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жантаев Баатырбек Темиржанович Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.Читать далее

Ден соолук

Өлкөдө 32 медициналык мекеме курулууда

Өлкөдө 32 медициналык мекеме курулууда, – деди президенттин администрациясынын маалыматтык саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков. Ал ошондой эле бул тармакка бөлүнгөн каражаттын көлөмү дагы жылдын жылга өсүп жатканын кошумчалады. “Мындан 5 жыл мурда, коронавирус Кыргызстанды каптаганда, биздин медицинанын күчү сыналган. Пандемиянын кесепети келечек үчүн көп сабак берди. Андан бери 5 жыл өттү, Кыргызстан өнүгүүгө карай багыт […]Читать далее

Кадр саясаты

Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Кермалиев Султан Шарипканович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.Читать далее

Аймак

Ысык-Көл жана Нарын облустарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 15-16-июлда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Андыктан ӨКМ арыктарды, сел каналдарын тазалап, кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын эскертет. Тоолуу аймактарда эс алуудан […]Читать далее

Коом

Техникалык жана кенже медкызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды

Саламаттык сактоо уюмдарынын техникалык жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, президенттин “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын калыптандырууну бирдейлештирүү жана бирдиктүү моделге келтирүү жөнүндө” жарлыгына ылайык, министрлер кабинети саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, 2025-жылдын 1-майынан тартып […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК чет элдик жарандарга мыйзамсыз диплом берүү схемасын аныктады

Чет элдик жарандарга медициналык дипломдорду берүүнүн мыйзамсыз схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат козголгон кылмыш ишинин алкагында Эл аралык медициналык университет жеке менчик жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын айрым кызматкерлерин кармады. Кармалгандар чет өлкөлүк жарандар менен акчалай сый акы үчүн кылмыштуу бүтүмгө кирип, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө болбогонуна […]Читать далее

Аймак

Ысык-Көлдө жалпы баасы 44,8 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке өттү

Ысык-Көл облусунда жалпы баасы 44 млн 806 миң сомдук жер тилкелери мамлекетке өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Ысык-Көл облустук жана Жети-Өгүз райондук прокуратуралар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды. Тактап айтканда, Түп районунда көлдүн жээгинде жайгашкан, аянты 4,5 гектар айыл чарба багытындагы жер […]Читать далее