Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетиндеги 12 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алагында аталган университетте студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы аныкталган. Тактап айтканда, университетке 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу учурунда айрым студенттер сертификаты жок, ЖРТнын төмөнкү босого упайлары менен кабыл алынган. Текшерүүнүн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул документ салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштыруу максатын көздөйт. Ага ылайык, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча […]Читать далее
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мамлекеттин тышкы карызы тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү экономиканын көлөмүнө салыштырганда (ИДП) 36,9 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга караганда төмөндөгөнү байкалат. Мисалы, 2020-жылы карыз ИДПнын 67,6 пайызын түзгөн. “Кыргызстандын карызынын көбү – тышкы карыз. Башкача […]Читать далее
Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан турак жайларды курууда өлкө мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун жакын тууганынын атын жамынып, 500 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган “Памир-Строй” курулуш компаниясынын жооптуу адамдарына карата маалыматтар алынган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкемди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, айыл чарба тармактарындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Анда, Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташуу маселелери өзгөчө орунду ээлеп, эки өлкөнүн лидерлери […]Читать далее
Кыргызстанда товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-майында 5 млрд 771,6 млн долларды түздү. бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Кудайберген Базарбаев брифингде билдирди. Анын айтымында, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,4 пайызга төмөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 27,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр, 11,7 пайызгы төмөндөдү. “Ал эми ушул аралыкта ЕАЭБге […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдын жолугушуусу өттү. Тараптар кыргыз-француз мамилелеринин жогорку деңгээлин ырасташты жана Франциянын дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин бири жана Европа биримдигинин негизги мүчөсү катары маанилүү ролун белгилешти. Жолугушууда билим берүү, саламаттыкты сактоо, инвестиция, санариптештирүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 4,0 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Кудайберген Базарбаев брифингде билдирди. Анын айтымында, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 6,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына – 3,4 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 2,2 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү […]Читать далее
2025-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 7 690 бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жумуш берүүчүлөр тарабынан эң көп талап кылынган кесиптер жумушчу адистиктерге тиешелүү. Кызматтар боюнча – 2 408 бош орун бар, алардын арасында: мугалимдер (мектепке чейинки жана орто, жогорку окуу жайлар) – 902; саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, […]Читать далее
Жакында Жумгалда күнүнө 1 тонна жүндү кайра иштетүүчү завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Күн мурун президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Руслан Сапарбеков ишкананы куруу […]Читать далее