Коом

Мэрия: Бала бакчаларда тамактануу ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт

1-июлдан баштап бала бакчаларда тамактануу ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө бала бакчалардын жетекчилерине ата-энелер жамаатынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Белгиленгендей, КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде, ошондой эле министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактандырууну уюштуруунун тартиби […]Читать далее

Президент

Москвада Садыр Жапаров менен Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда Москвага болгон иш сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен тар жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартиптин актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык тармактардагы маселелерди талкуулашты жана кыргыз-россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын жетишилген жогорку деңгээлине канааттануу билдиришти. Россиянын президенти Владимир Путин экономикалык кызматташтыктагы […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Перинаталдык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборуна барды. Минкаб башчысы мекемедеги дарылоо шарттары менен таанышып, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүн, төрөт бөлүмүн көрдү. Адылбек Касымалиевге жаңы төрөлгөн ымыркайларды патологияларды аныктоо боюнча скрининг жүргүзүү, ымыркайларда ретинопатияны аныктоо жана дарылоо системасы, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын аудиологиялык скрининги боюнча жүргүзүлүп […]Читать далее

Коом

Жакында Бишкек – Кашкар – Бишкек туруктуу аба каттамы ачылат

26-июлдан тарта Бишкек – Кашкар – Бишкек туруктуу аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттам Аэро Номад Эйрлайнс компаниясы тарабынан ачылууда жана ар жума сайын ишемби күндөрү аткарылат. “Орундарды алдын ала тандап, төлөө мүмкүнчүлүгү бар”, – деп белгилешти компаниядан.Читать далее

Коом

Жер мунапысына арыз кабыл алуу аяктап, 10,3 миң га жер

Кыргызстанда жер мунапысына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу 1-июлда аяктады. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Жер мунапысы жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт. Программа башталгандан аяктаганга чейин республика боюнча […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров иш сапары менен Москвага келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, иш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди. Мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эскерте кетсек, сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу […]Читать далее

Кадр саясаты

Максат Мамытканов Кыргызстандын Грузиядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын Баку шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Грузиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее

Укук тартиби

Курал-жарак сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ кармалды

Курал-жарак жана ок-дарыларды сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Н.Т.З., М.Э.К., Н.К.А., Н.Т.Т., О.Б.Т., А.Т.Б., С.Р.Д., ошондой эле чек ара кызматынын азыркы жана мурдагы кызматкерлери Э.К.К. жана А.у.Н. кылмыштуу бүтүм менен РГД-5 согуштук гранаталарынын ири партиясын сатууну көздөгөндөрү аныкталган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чек […]Читать далее

Коом

Эми майыптыкты таануу жөнүндө маалымкат Tunduk тиркемесинде жеткиликтүү

Өлкөдө майыптыкты таануу жөнүндө маалымкат алуу процедурасы толугу менен электрондук форматка өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Жыл сайын Эмгек министрлигине караштуу медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын майыптуулук боюнча маалымкатын 55 миңге жакын жаран алып келет. Эми 100 күндүк Өкмөттүк акселератор программасынын алкагында бул процесс автоматташтырылды. Кантип иштейт? Жаран жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк […]Читать далее

Министрлер кабинети

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алтын

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн алтын сертификаттар менен сыйлоо аземине катышты. Иш-чарага алтын сертификаттын 54 ээси, ошондой эле ЖРТдан жогорку балл алган 19 окуучу катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан окуучуларды сертификаттарды алышы менен […]Читать далее