Экономика

Минералдык жана газдалган сууларды милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү жылдырылды

Өлкөдө таңгакталган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-январына жылдырылды, – деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы. Белгиленгендей, мөөнөттү жылдыруу тууралуу чечим эң көп керектелүүчү мезгилде таңгакталган сууну өндүрүүнү жана импорттоону үзгүлтүккө учуратууга жол бербөөгө, ошондой эле бизнестин эсепке алуу-контролдоо маркасын киргизүүнүн мөөнөтүн кийинки мезгилге жылдырууга […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 630 адам ишке орноштурулду

Жыл башынан бери 7630 жумушсуз ишке орноштурулду, алардын 4 570и аялдар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2024-жылдын 1-июлуна салыштырмалуу 17 пайызга өскөн. Белгиленгендей, жыл башынан бери министрликтин аймактык башкармалыктарынын ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө 72 804 адам кайрылган (алардын ичинен 36 734 аял). Кайрылуулар жумушка орношууга көмөктөшүү, эмгек мыйзамдары, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Дүйнөлүк банк: Кыргызстан туруктуу өсүштү көрсөтүүдө

Кыргыз Республикасында бакубаттуулук деңгээлинин жана өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишенимдин олуттуу өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын 2021-жылдын декабрынан 2025-жылдын июнуна чейин жүргүзүлүп жаткан «Кыргыз Республикасын тыңдайбыз» аттуу сурамжылоосунун жаңы маалыматтары күбөлөндүрөт. «Туруктуу көпчүлүк реформалар туура багытта жүрүп жатат жана өкмөт коррупция менен натыйжалуу күрөшүп жатат деп эсептейт», – деп белгиленген изилдөөдө. […]Читать далее

Билим

Республика боюнча 170 миңге жакын бала мектепке катталды

Быйыл 1- жана 2-класстын окуучулары мектепке электрондук система аркылуу кабыл алынууда. Ал эми бул автоматташтырылган каттоо системасы ашыкча кезек күтүүлөрдү, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана каттоо ишин ачык-айкын жүргүзүүгө багытталган. Муну менен бирге эле бул ата-энелер үчүн дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, алар документ топтоо, кезек күтүү түйшүгүнөн арылып, убактыларын үнөмдөшүүдө. Каттоонун аякташына бир айдай убакыт калды. Учурда өлкө […]Читать далее

Кадр саясаты

Мирлан Камчыбеков Ак-Талаа районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Камчыбеков Мирлан Мамырбекович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.Читать далее

Аймак

Ош шаарында жалпы 50 балдар ойноочу аянтча курулууда

Ош шаарында жалпы 50 балдар ойноочу аянтчасы курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Балдар ойноочу аянтчаларды куруу шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык ишке ашырылууда. Буга чейин көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын суранычы менен балдар ойноочу аянтчалары жок элүү дарек такталып, учурда отуз жерде балдар аянты толук бүтсө, калгандарынын курулуш иштери жүрүп жатат. Балдар ойноочу аянтчаны куруу […]Читать далее

Коом

КРСУда бюджеттик негизде мыйзамсыз окуган 12 студент окуудан чыгарылды

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетиндеги 12 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алагында аталган университетте студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы аныкталган. Тактап айтканда, университетке 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу учурунда айрым студенттер сертификаты жок, ЖРТнын төмөнкү босого упайлары менен кабыл алынган. Текшерүүнүн […]Читать далее

Президент

Министрлер кабинетине караштуу Салык жана Бажы кызматтары түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул документ салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштыруу максатын көздөйт. Ага ылайык, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча […]Читать далее

Коом

Орунбеков: Садыр Жапаровдун тушунда карыз ИДПга салыштырмалуу төмөндөдү

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мамлекеттин тышкы карызы тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү экономиканын көлөмүнө салыштырганда (ИДП) 36,9 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга караганда төмөндөгөнү байкалат. Мисалы, 2020-жылы карыз ИДПнын 67,6 пайызын түзгөн. “Кыргызстандын карызынын көбү – тышкы карыз. Башкача […]Читать далее

Укук тартиби

Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан турак жайларды курууда өлкө мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун жакын тууганынын атын жамынып, 500 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган “Памир-Строй” курулуш компаниясынын жооптуу адамдарына карата маалыматтар алынган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы […]Читать далее