Экономика

Январь-июнда өлкөнүн ИДПсы 711 млрд сомду түздү

2025-жылдын январь-июнунда ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 711,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 11,7 пайызга көп. “Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын – 1,7 эсеге, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн – […]Читать далее

Аймак

Таласта 21 миңден ашуун “акылдуу” эсептегич орнотулду

Талас облусунда 21 миңден ашуун «акылдуу» эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Талас электр тармактар ишканасы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө облустун Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда пландалган 35 688 даана акылдуу эсептегичтин ичинен 21 370 даанасы орнотулуп бүттү. Бакай-Ата районунда пландалган 7 800 даана эсептегичтин ичинен — 5 981 даанасы орнотулду. Айтматов району 11 360 […]Читать далее

Саясат

Жээнбек Кулубаев КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер

Пекин шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен болгон коллегиялык жыйынына катышты. Жолугушууда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ШКУнун алкагында өз ара ишенимди жана тилектештикти чыңдоонун стратегиялык маанисин белгилеп, уюмга […]Читать далее

Экономика

Жарым жылда туризм тармагынан 160 млн сомдон ашык салык түштү

2025-жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан салыктык түшүүлөр 160,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда Кыргызстанда туризм тармагынан салыктык түшүүлөр алты эседен ашык көбөйдү. Бул мезгил аралыгындагы жыйымдардын жалпы суммасы 1,1 млрд сомду түздү. 2020-2025-жылдар аралыгында туризм секторунан түшкөн салыктык кирешелер төмөнкүдөй болду: 2020-жылы — 49,3 млн сом; […]Читать далее

Экономика

Moody’s Кыргызстандын рейтингин “Позитивдүү” деңгээлине жогорулатты

Moody’s рейтингдик агенттиги Кыргызстандын эгемендүү кредиттик рейтингине болгон божомолун кайра карап чыгып, аны “Туруктуу” деңгээлинен “Позитивдүү” деңгээлине өзгөрттү. Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашкандай, эмитенттин узак мөөнөттүү рейтинги B3 деңгээлинде тастыкталды. Moody’s агенттигинин баалоосуна ылайык, божомолдун өзгөртүлүшү өлкөнүн макроэкономикалык жана фискалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышын, ошондой эле экономиканын потенциалдуу өсүү ылдамдыгынын жогорулашын чагылдырат. Бул көрсөткүчтөргө жетишүү негизги реформалардын […]Читать далее

Аймак

Ош шаарында дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө батир берилди

Ош шаарындагы дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө үч бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, шаардагы Эдельвейс дачасынын жолуна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берүү учурунда аталган конуштун жашоочусу, жети балалуу баатыр эне Элмира Сулайманкулова үч эм балдары Асан, Үсөн, Батма менен шаар мэри Жеңишбек Токторбаевге жолуккан. Ал буга чейин эки жолу эгиз балалуу, андан […]Читать далее

Коом

Мамкамсыздандыруу уюму өрт чыккан мектеп менен бала бакчага акча каражатын

Бишкектеги мектеп менен бала бакчага өрттөн келтирилген зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, №63 мектепке 1 млн 523 миң 814 сом, ал эми №82 бала бакчага 187 миң 270 сом акча каражаты берилди. Өрттөн кийинки калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине сертификаттарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек […]Читать далее

Президент

Президент  Мамлекеттик башкаруу академиясын модернизациялоо пландары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын модернизациялоо пландары менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Айгүл Калчакеева Мамлекет башчыга академиянын учурдагы ишмердүүлүгү, жетишилген натыйжалар жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын […]Читать далее

Президент

Президент “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Чолпон-Ата шаарында «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондук кластерин куруу боюнча даярдык иштеринин жүрүшүнө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга тармактык министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы долбоордун жүрүшү жана ишке ашыруунун алгачкы баскычтары боюнча жооптуу адамдардын кеңири отчетторун укту. Атап айтканда, энергетика министри курортту энергия менен жабдуу схемалары тууралуу, […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен GIZ тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташууну күчтөндүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Кемелова Динара менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Борбор Азиядагы климат, суу жана энергетика кластеринин координатору Фолькер Фробарттын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу алкагында учурдагы өз ара аракеттешүүнү […]Читать далее