Укук тартиби

Бишкек мэриясынын 4-башкармалыгынын башчысы кармалды

Бишкек шаардык мэриясынын 4-башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Пригородная айыл аймагындагы сейил бакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүндө коррупциялык компоненттердин бар экендиги боюнча айрым фактылардын негизинде жеринде текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын 4-башкармалыгынын (мурда Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги “Ас-Сафа” менен соцкызматташтыкты кеңейтет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун демилгеси менен “Ас-Сафа” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов менен жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министр “Ас-Сафа” борборунун Кыргызстандагы калктын аярлуу катмарынын социалдык абалын жакшыртууга кошкон көп жылдык салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Министр Эмгек министрлигине караштуу социалдык стационардык мекемелерди камкорчулукка алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү, майыптыгы бар […]Читать далее

Коом

Кытайдан мототранспортту мыйзамсыз ташуу каналы аныкталды

Кытайдан мопеддер, скутерлер, мотоциклдерди мыйзамсыз ташып келүүгө байланышкан масштабдуу коррупциялык схеманы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Мамлекетке келтирилген материалдык зыяндан тышкары, бул аныкталган схема коомдук коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурат. Анткени текшерүүсүз жана катталбастан алып келинген жогорку кубаттуулуктагы мототранспорт каражаттары техникалык талаптарды сактабай, көзөмөлсүз иштетилет. Натыйжада, жол-транспорт кырсыктарынын жана жолдордо тартип бузуулардын тобокелдиги жогорулоодо. […]Читать далее

Билим

Ата-энелер чет өлкөдө туруп балдарын мектепке каттата алышат

Быйылкы мектепке каттоо системасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла жеңилдетилген. Ата-энелер азыр каалаган жерде, жада калса чет өлкөдө туруп балдарын мектепке каттата алышат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Мектептеги, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусейинова аталган министрликте өткөн брифинг учурунда билдирди. “Учурда 1- жана 2-класстын окуучулары жаңы окуу жылына катталып жатышат. Электрондук каттоо […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстанда бир катар мектептерге көрүнүктүү инсандардын ысымы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө сактоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 20дан ашык маселе каралды. Комиссиянын чечими менен бир катар жалпы билим берүүчү мектептерге жана бир баштапкы кесиптик билим берүү мекемесине Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев, […]Читать далее

Президент

Президент мамлекеттин акчасын уурдагандар жазасыз калбай турганын эскертти

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, мамлекеттин акчасын уурдагандар жазасыз калбай турганын эскертти. “Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек”, – деди ал.Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери өлкөдө 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана пайдаланууга

2025-жылдын июль айына карата өлкөдө 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке берилди, – деп айтылат Өнөр жайды кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин ишмердүүлүгү боюнча отчетунда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, август айынын аягына чейин дагы 13 объектини ишке киргизүү пландалууда. Жалпысынан бул багытта жыл аягына чейин 63 […]Читать далее

Коом

Эми ОСАГО полиси Tunduk тиркемесинде жеткиликтүү

Эми жарандык авто жоопкерчиликти камсыздандыруу (ОСАГО) полиси Tunduk колдонмосунда санарип документ катары жеткиликтүү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандар полисти телефондон керектүү учурда оңой көрсөтүүгө болот. Мындан улам аны жоготуп алуу коркунучу да жокко чыгарылды. Ошондой эле кагаз көчүрмөсүн ташып жүрүүнүн кереги жок. Полистин “Түндүк” тиркемесине киргизилиши жарандарга кызматтардын тез жана ыңгайлуу […]Читать далее

Экономика

Ысык-Көлдүн өрүгү чет өлкөлөргө экспорттолууда

Жети-Өгүз районунда өрүктүн эрте бышкан сорттору чет өлкөлөргө экспорттолууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өрүк көбүнчө Россия жана Казакстанга экспорттолуп жатат. Алармандар жүк ташуучу унаалары менен келип, жергиликтүүлөрдүн түшүмүн ыңгайлуу баада сатып алышууда. Жергиликтүү тургундар жаңы бышкан өрүктүн баасы 30 сомдон 45 сомго чейин сатылып жаткандыгын билдиришти. Бул райондун […]Читать далее

Билим

Ага Хан фонду Кыргызстанда билим берүү сапатын жогорулатууга көмөктөшөт

Ага Хан фонду Кыргызстанда билим берүү сапатын жогорулатууга көмөктөшөт. Маселе күн мурун агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өкүлү Баркат Фазал менен жолугушуусунда талкууланды. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун негизги максаты билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мугалимдердин STEM предметтери боюнча дасыктыгын жогорулатуу маселеси талкууланды. Ушул жылдын август айынын экинчи жарымында Ага Хан […]Читать далее