Президент

Президент мамлекеттин акчасын уурдагандар жазасыз калбай турганын эскертти

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, мамлекеттин акчасын уурдагандар жазасыз калбай турганын эскертти. “Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек”, – деди ал.Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери өлкөдө 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана пайдаланууга

2025-жылдын июль айына карата өлкөдө 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке берилди, – деп айтылат Өнөр жайды кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин ишмердүүлүгү боюнча отчетунда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, август айынын аягына чейин дагы 13 объектини ишке киргизүү пландалууда. Жалпысынан бул багытта жыл аягына чейин 63 […]Читать далее

Коом

Эми ОСАГО полиси Tunduk тиркемесинде жеткиликтүү

Эми жарандык авто жоопкерчиликти камсыздандыруу (ОСАГО) полиси Tunduk колдонмосунда санарип документ катары жеткиликтүү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандар полисти телефондон керектүү учурда оңой көрсөтүүгө болот. Мындан улам аны жоготуп алуу коркунучу да жокко чыгарылды. Ошондой эле кагаз көчүрмөсүн ташып жүрүүнүн кереги жок. Полистин “Түндүк” тиркемесине киргизилиши жарандарга кызматтардын тез жана ыңгайлуу […]Читать далее

Экономика

Ысык-Көлдүн өрүгү чет өлкөлөргө экспорттолууда

Жети-Өгүз районунда өрүктүн эрте бышкан сорттору чет өлкөлөргө экспорттолууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өрүк көбүнчө Россия жана Казакстанга экспорттолуп жатат. Алармандар жүк ташуучу унаалары менен келип, жергиликтүүлөрдүн түшүмүн ыңгайлуу баада сатып алышууда. Жергиликтүү тургундар жаңы бышкан өрүктүн баасы 30 сомдон 45 сомго чейин сатылып жаткандыгын билдиришти. Бул райондун […]Читать далее

Билим

Ага Хан фонду Кыргызстанда билим берүү сапатын жогорулатууга көмөктөшөт

Ага Хан фонду Кыргызстанда билим берүү сапатын жогорулатууга көмөктөшөт. Маселе күн мурун агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өкүлү Баркат Фазал менен жолугушуусунда талкууланды. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун негизги максаты билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мугалимдердин STEM предметтери боюнча дасыктыгын жогорулатуу маселеси талкууланды. Ушул жылдын август айынын экинчи жарымында Ага Хан […]Читать далее

Укук тартиби

Эсеп палатасынын башкы инспектору кармалды

Эсеп палатасынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызматка мамлекеттик финансылык контроль чөйрөсүндөгү коррупцияга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында Эсеп палатасынын инспектору опузалап акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жүргүзүлгөн алдын ала тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Эсеп палатасынын башкы инспектору А.И.К. Кыргызстандын айрым чет өлкөлүк […]Читать далее

Экономика

Өлкөдө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында туруктуу өсүш байкалууда

2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында туруктуу өсүү байкалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, эсептик мезгилде тамак-аш өнөр жайы, анын ичинде суусундуктар менен тамеки продукциясын өндүрүү ишканаларынын үлүшү кайра иштетүү өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 21,5 пайызын түздү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын январь-июнь […]Читать далее

Аймак

Ысык-Көлдөн 1 150 метр синтетикалык тор алынды

Ысык-Көл районуна караштуу бир катар аймактардан жалпы узундугу 1 150 метрди түзгөн браконьердик торлор алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, торлор күн мурун Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан браконьерликке каршы багытталган иш-чаралардын жана көл акваториясын мыйзамсыз салынган синтетикалык торлордон тазалоого арналган күнүмдүк иш-аракеттердин жүрүшүндө табылган. Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында Тору-Айгыр айылынын аймагынан көл […]Читать далее

Кадр саясаты

Байышбек Астанакулов Талас районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесине ылайык Астанакулов Байышбек Кахроманович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.Читать далее

Экономика

Минералдык жана газдалган сууларды милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү жылдырылды

Өлкөдө таңгакталган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-январына жылдырылды, – деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы. Белгиленгендей, мөөнөттү жылдыруу тууралуу чечим эң көп керектелүүчү мезгилде таңгакталган сууну өндүрүүнү жана импорттоону үзгүлтүккө учуратууга жол бербөөгө, ошондой эле бизнестин эсепке алуу-контролдоо маркасын киргизүүнүн мөөнөтүн кийинки мезгилге жылдырууга […]Читать далее