Экономика

Өлкөдө 12 ветлаборатория эл аралык стандартка ылайык аккредитациядан өттү

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эл аралык стандарттарга шайкеш келген 12 лабораториясы аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде Бишкекте – 3, Ошто – 3, Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Балыкчы, Караколдо бирден эл аралык жогорку деңгээлдеги аккредитациядан өттү. Аккредитация болгон лабораториялар […]Читать далее

Экономика

Жылдын биринчи жарымында өлкөдө 5,6 млн тонна балык өндүрүлдү

Жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда 5 млн 645 миң 37 тонна товардык балык өндүрүлдү. Бул тууралуу күн мурун Балык өнөр жай комплекси департаментинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчеттук жыйынында айтылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул аралыкта 188,5 тонна балык жана балык азыктары экспорттолгон. Ошондой эле жыйында балык корун […]Читать далее

Коом

2ГИС навигациясы эми кыргыз тилинде багыттайт

2ГИС компаниясы өзүнүн багыттамасына кыргызча үн кошумчасын ишке киргизди. Бул тууралуу президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, компания бардык фразаларды кыргыз тилине ылайыкташтырып, колдонууга ыңгайлуу жана түшүнүктүү деңгээлде иштеп чыкты. Ага Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова менен рэп-аткаруучу Бегиштин үндөрү жазылды. Жыл башында комиссия 2ГИС компаниясынын өкүлдөрү менен […]Читать далее

Экономика

Өлкөдө өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо чаралары күчөтүлүүдө

Өлкөдө ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо чараларын күчөтүлүүдө. Бул тууралуу күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун төрагалыгы алдында өткөн бизнес-коомчулук менен кеңейтилген жолугушууда айтылды. Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууга өндүрүштүк сектордун өкүлдөрү, экспорттук компаниялар, тармактык ассоциациялар, ошондой эле самын жана жуугуч каражаттар, жашылча-жемиш, коондор, бал жана башка багыттар боюнча кластердик бирикмелердин […]Читать далее

Аймак

Бакытбек Жетигенов Ысык-Көл районундагы бир катар пансионаттарды жана эс алуу

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Ысык-Көл районундагы бир катар пансионаттарды жана эс алуу жайларын кыдырды. Облустагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө президенттин “Пляж аймактарына кирүүнү камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгынын аткарылышына өзгөчө маани берилди. Анткени жарандардын жээкке мыйзамдуу жана эркин жетүү укугу камсыз кылынышы керек. Бакыт Жетигенов пансионаттарда көрсөтүлүп жаткан кызматтар, санитардык тазалык, куткаруучулардын […]Читать далее

Коом

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чараларын күчөтүү маселеси талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселесине арналган талкуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, талкууга эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова, өнөктөштөр жана бейөкмөт уюмдардын эксперттери катышты. Анда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин ишин күчөтүү маселеси каралды. Коомдук негизде түзүлгөн бул туруктуу иш алып барган комитеттерге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү […]Читать далее

Укук тартиби

Жалал-Абадда чет мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылган жаран соттолду

Кыргызстандын жараны мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн соттолду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, аныкталгандай Жалал-Абад шаарынын тургуну И.С.С. чет мамлекеттик атайын кызматтын пайдасына тыңчылык жасагандыгы ачыкка чыгып, кармалды. Белгилүү болгондой, И.С.С. 2005-жылы чет элдик атайын кызмат тарабынан жалданып, узак убакыттар бою алардан акчалай сыйлыктарды алуу менен бирге, […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин кармалышы боюнча

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Ырсалиев тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.. Тактап айтканда, “Туңгуч” кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою 4 жеңил тибиндеги коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип […]Читать далее

Саясат

Монголиянын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. “Сапардын алкагында визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган. Эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган […]Читать далее

Аймак

Ошто 96 батирлүү ипотекалык турак үй пайдаланууга берилди

Ош шаарынын мэриясынын ипотекалык программасынын алкагында курулган 9 кабаттан турган 96 батирлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, турак үй Краснофлот көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан. Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери жана жаңы конуштан үй алышкан жашоочулар катышты. Алгач Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын […]Читать далее