Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты “КР эл аралык келишимдери жөнүндө” жана “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду […]Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин атын жамынган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан 15-июлда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин атын пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча 1993-жылы туулган К.Ж.Ж. кармалды. Тактап айтканда, К.Ж.Ж. аттуу жаран К.Туманбаев менен жакын мамиледе экендигин айтып, “Көчмөн сити” турак-жай […]Читать далее
Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин айланасын иретке келтирүү иштери активдүү башталды. Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда аталган тилкеде подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, жер негизин даярдоо иштери активдүү жүрүүдө. Бишкек — Ош авто жолунун аталган тилкесин капиталдык оңдоо долбоорунда туннелдин кире беришине унаа токтотуучу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ тартуу зоналары, ыңгайлуу шарттар менен […]Читать далее
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жаңы Достук айылындагы үйлөрдүн курулушунан кабар алды. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Баткен районунун Бужум айылынын Чет-Булак аймагында жайгашкан жаңы Достук айылында 181 турак үйдү куруу иштери жүрүүдө. Учурда үйлөрдүн чатырын жабуу жана ички шыбак жумуштары жүрүүдө. Айрым үйлөрдө жылытуу системасын орнотуу иштери башталды. Облус башчысы курулуштун жүрүшүн текшерип чыгып, […]Читать далее
Чүй районунда 9 365 гектар аянтта кылкандуу дан эгиндери өстүрүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата анын 4 272 гектары, же 45,62 пайызы жыйналды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, орточо түшүмдүүлүк гектарына 22 центнерди түзүүдө. Буудай 2 377 гектар аянтка себилип, анын 350 гектары жыйналып бүттү. Орточо түшүмдүүлүк — гектарына 27,1 центнер. […]Читать далее
Кыргызстандыктардын коррупцияга каршы күрөшкө ишеними өсүүдө, – деп жазды президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына. Анын айтымында, жакында Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнүн жыйынтыктары чыкты. Анда Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшкө болгон элдик ишенимдин көрсөткүчү салыштырылган. Мисалы, 2022-жылдын башындагы изилдөөсүндө мамлекет коррупция менен күрөшүп жатат деген ишеним 70 пайызга жетпеген болсо, 2025-жылдын ортосуна […]Читать далее
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев облуска иш сапары менен келген саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев менен жолугушту. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр облус башчысынын медициналык кызматкерлерди тартуу боюнча көтөргөн демилгесин кубаттап ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле ал фельдшердик-акушердик пункттардын жана үй-бүлөлүк дарыгер топторунун имаратын толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча иш-аракеттерин ар тараптуу колдоорун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен бирге борбор калаабызда өтүп жаткан U-23 олимпиадалык курамалар арасындагы эл аралык футбол мелдешинин биринчи беттешине күбө болду. Таймаш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, алгач Кыргызстан менен Сириянын футболчулары күч сынашты. Эскерте кетсек, 23-июлга чейин улана турган мелдешке […]Читать далее
16-июлда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин №5 батальонунда кызмат өтөгөн жоокердин асынып алгандыгы кабарланган. Жоокердин каза болгондугу тууралуу маалымат алгандан кийин Акыйкатчы институтунун Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аскер бөлүккө барып, мониторинг жүргүздү. Учурда Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында жайгашкан аскер бөлүктө 30 аскер кызматкери жана 90 жоокер кызмат өтөп […]Читать далее
2025-жылдын январь-май айларынын аралыгында Кыргызстан Өзбекстандык туристтер эң көп барган өлкө болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети кабарлады. Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын алгачкы беш айында 1 млн 189 миң 793 өзбекстандык жаран Кыргызстанга туристтик сапар менен келген. Бул көрсөткүч башка бардык мамлекеттерге салыштырмалуу эң жогорку орунду ээлейт. Мындан тышкары, өзбекстандык жарандар көбүнчө Тажикстанга […]Читать далее