Коом

Ысык-Көлдө “Манас эпосундагы аскер өнөрү” Эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 15-июлда, “Тамга” Аскер санаториясынын аймагында “Манас эпосундагы аскер өнөрү” темасында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек») – ар тараптан изилдөө жана папулярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” № 126 Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлдү. Иш-чарага ошондой эле […]Читать далее

Коом

Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү табылды

Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж., аттуу тургунунун сөөгүн бүгүн, 15-июлда Нарын дарыясынын жээгинен туугандары табышкан. Буга байланыштуу беш куткаруучу тартылып, адамдын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен. Эске салсак, 80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде […]Читать далее

Экономика

Электрондук түрдө кызмат көрсөткөн ишкерлер салык төлөшөт

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана “Электрондук соода жөнүндө” Мыйзамга ылайык электрондук түрдө кызмат көрсөткөн уюмдар жана жеке ишкерлер электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөшөт. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыктын ставкасы кызмат көрсөтүүдөн жана товарларды электрондук түрдө сатуудан түшкөн каражаттын 2 пайызын түзөт. Бул салык соода платформасынын операторлору – электрондук сооданын катышуучулары болуп саналган уюмдардын жана […]Читать далее

Коом

Мамлекеттик катчы: “Мекендин кызычылыгын коргоо үчүн өз элинин атуулу болуу

“Мекенге кызмат кылуу, анын кызычылыгын коргоо үчүн өз элинин атуулу болуу аздык кылат”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов «Манас» эпосундагы аскер өнөрү» эл аралык илимий-практикалык конференциясында сүйлөгөн сөзүндө. Мамлекеттик катчынын сөзү: “Урматтуу аскер кызматчылары! Ардактуу окумуштуулар! Кадырлуу меймандар!   Саламатсыздарбы! Баарыңыздарды «Манас» эпосундагы аскер өнөрү» эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылуу аземи […]Читать далее

Коом

Маданият министри Жаманкулов Индиянын туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Индиядан келген туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолукту. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда Кыргызстындын туристтик дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилип, өлкөнүн имидждик ролиги көрсөтүлдү. Азамат Жаманкулов өз сөзүндө Кыргызстандын кооз жаратылышын, бийик тоолорун жана дүйнө коомчулугун өзүнө бурган көчмөн маданияты тууралуу айтып, Кыргызстанда өтүп келген […]Читать далее

Коом

Чүй облусунда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин улантууда

Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматы жана Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Төмөнкү-Аларча айыл аймагында алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Бул күнү милициянын көчмө кабылдамасы айыл тургундарынын ар кандай кайрылууларын кабыл алуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, кээ бир маселелерди жеринде чечишүүдө. Иш-чара учурунда Төмөнкү-Аларча айылындагы жол жээгинде ирээтсиз соода кылган […]Читать далее

Саясат

Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди

Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Аталган чечим аткаруу бийлигинин органдарына Бирдиктүү электрондук почта системасын орнотууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууга багытталган. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине […]Читать далее

Коом

Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү кимдер үчүн көбөйтүлдү?

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү динамикасы тууралуу айтып берди. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкү адамдарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү: – майыптыгы бар балдарга – 4миң сомдон 8 миң сомго чейин; – ата-энесинин биринен ажыраган балдар – 1 миң сомдон 2 миң сомго […]Читать далее

Коом

18-июлдан тартып Жалал-Абад облусунунда «Акысыз укуктук жардам» акциясы башталат

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондорунун жашоочулары үчүн  2022-жылдын 18-июлунан тартып 12-августуна чейин өтө турган «Акысыз укуктук жардам» акциясынын башталышы жөнүндө жарыялайт. Иштин максаты – акыйкаттыкка, укуктун үстөмдүгүнө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Ал эми иш-чаранын максаты жарандарга ар кандай укуктук жана социалдык маселелер боюнча консультациялык-укуктук […]Читать далее

Дүйнөдө

Элчи Улан Джусупов “Бритиш Экспертиз” бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрүнө презентациясын өткөрдү

2022-жылы 14-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Джусупов “Бритиш Экспертиз” британиялык бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясын өткөрдү. Иш-чарага британиялык ишканалардын, университеттердин, экологиялык долбоорлордун өкүлдөрү жана консалтинг компаниялары катышышты. КРнын Элчиси У.Джусупов Улуу Британия Кыргызстандын Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң ири соода өнөктөшү богондуктан, аны менен инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт […]Читать далее