Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди

 Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди

Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим аткаруу бийлигинин органдарына Бирдиктүү электрондук почта системасын орнотууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Бирдиктүү электрондук почта системасынын техникалык оператору болуп аныкталды.

Белгилей кетсек, gov.kg домендик зонасында Бирдиктүү электрондук почта системасын түзүү мамлекеттик органдардын электрондук почта даректерин унификациялоого, бекитилген талаптарга жооп берген ведомстволук электрондук почта тутумун түзүү үчүн программалык-техникалык каражаттарды кошумча сатып алууну жана орнотууну четтетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Связанный пост