Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү кимдер үчүн көбөйтүлдү?

 Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү кимдер үчүн көбөйтүлдү?

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү динамикасы тууралуу айтып берди.

Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкү адамдарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү:

– майыптыгы бар балдарга – 4миң сомдон 8 миң сомго чейин;

– ата-энесинин биринен ажыраган балдар – 1 миң сомдон 2 миң сомго чейин;

– жетим балдар – 2 миңден 6 миң сомго чейин;

– топтогу тубаса майыптар үчүн – 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин;

– II топтогу тубаса майыптар үчүн – 3,3 миң сомдон 6,6 миң сомго чейин;

– III топтогу тубаса майыптар үчүн – 2,7 миң сомдон 5,4 миң сомго чейин;

– I топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин;

– II топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1,5 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

– III топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин;

– пенсионерлер үчүн – 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин;

– баатыр энелер үчүн – 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин.

Жалпысынан социалдык төлөмдөрдүн көлөмү 103 миң 9 жаранга көбөйтүлдү.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-июнунан тартып төмөнкү жарандар үчүн соцтөлөм дагы көбөйтүлдү:

– I топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2,5 миң сомдон 5,5 миң сомго чейин;

– II топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

– III топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1,5 сомдон 2 миң сомго чейин;

– жетим балдар үчүн – 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

Пенсионерлер үчун – 1,5 миң сомдон 2 миң сомго чейин;

баатыр энелер үчүн – 2,5 миң сомдон үчүн 3 миң сомго чейин.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы 1-июндан тартып “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун суммасы 810 сомдон 1 миң 200 сомго, ал эми майыптыгы бар балдарды караган жеке ассистенттерге төлөнгөн сумма 4,9 миң сомдон 6,3 миң сомго көбөйтүлдү.

Связанный пост