18-июлдан тартып Жалал-Абад облусунунда «Акысыз укуктук жардам» акциясы башталат

 18-июлдан тартып Жалал-Абад облусунунда «Акысыз укуктук жардам» акциясы башталат

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондорунун жашоочулары үчүн  2022-жылдын 18-июлунан тартып 12-августуна чейин өтө турган «Акысыз укуктук жардам» акциясынын башталышы жөнүндө жарыялайт.

Иштин максаты – акыйкаттыкка, укуктун үстөмдүгүнө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

Ал эми иш-чаранын максаты жарандарга ар кандай укуктук жана социалдык маселелер боюнча консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү.

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун адвокаттары, калкты тейлөө борборлорунун, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин,  “Кадастр”  мамлекеттик мекемесинин, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, мамлекеттик салык кызматынын, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, социалдык фондунун жооптуу кызматкерлери катышат.

60га жакын айылдарды жана калктуу конуштарды камтуу пландаштырылууда.

Акция АКШнын эл аралык онугуу боюнча агентигинин (ЮСАИД) «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлөт.

     “Акысыз укук жардам” акциясынын  2022-жылдын 18-июлунан тартып 12-августуна чейинки мезгилде Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондору боюнча чыгуу графиги

Мекеменин аталышы Ѳткөрүлүүчү жери Ѳткөрүү датасы Ѳткөрүү убактысы
Сузак району
1 Кара-Алма айыл аймагы Кара-Алма айылы,

Кара-Алма айыл аймагынын имараты

18-июль күнү 09.00 – 12.00
2 Курманбек айыл аймагы Таран-Базар айылы,

Курманбек айыл аймагынын имараты

18-июль күнү 14.00 – 17.00
3 Кок-Арт айыл аймагы Жерге-Тал айылы, Кок-Арт айыл аймагынын имараты 19-июль күнү 09.00 – 12.00
4 Ленин айыл аймагы Ленин айылы,

Ленин айыл аймагынын имараты

19-июль күнү 14.00 – 17.00
5 Кок-Жангак шаар мэриясы Кок-Жангак шаары,

Кок-Жангак шаарынын мэриясынын имараты

20-июль күнү 09.00 – 12.00
6 Багыш айыл аймагы Багыш айылы,

Багыш айыл аймагынын имараты

20-июль күнү 14.00 – 17.00
7 Таш-Булак айыл аймагы Таш-Булак айылы,

Таш-Булак айыл аймагынын имараты

21-июль күнү 09.00 – 17.00
8 Барпы айыл аймагы Барпы айылы,

Барпы айыл аймагынын имараты

22-июль күнү 09.00 – 17.00
9 С.Атабеков айыл аймагы Бек-Абад айылы, С.Атабеков айыл аймагынын имараты 25-июль күнү 09.00 – 17.00
10 Ырыс айыл аймагы Кумуш-Азиз айылы,

Ырыс айыл аймагынын имараты

26-июль күнү 09.00 – 17.00
11 Сузак айыл аймагы Сузак айылы,

Сузак айыл аймагынын имараты

27-июль күнү 09.00 – 17.00
12 Кара-Дарья айыл аймагы Кара-Дарья айылы,

Кара-Дарья айыл аймагынын имараты

28-июль күнү 09.00 – 17.00
13 Кызыл-Туу айыл аймагы Кызыл-Туу айылы,

Кызыл-Туу айыл аймагынын имараты

29-июль куну 09.00 – 17.00
14 Кыз-Көл айыл аймагы Карамарт айылы,

Кыз-Көл айыл аймагынын

1-август күнү 09.00 – 17.00
Базар-Коргон району
15 Могол айыл аймагы Ооган-Талаа айылы,

Могол айыл аймагынын имараты

2-август күнү 09.00 – 17.00
16 Кызыл-Үнкүр айыл аймагы Кызыл-Үнкүр айылы, Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын имараты 3-август күнү 09.00 – 17.00
17 Талдуу-Булак айыл аймагы Каба айылы,

Талдуу-Булак айыл аймагынын имараты

4-август күнү 09.00 – 17.00
18 Арстанбап айыл аймагы Арстанбап айылы,

Арстанбап айыл аймагынын имараты

5-август куну 09.00 – 17.00
19 Базар-Коргон шаар мэриясы Базар-Коргон шаары,

Базар-Коргон шаарынын мэриясынын имараты

8-август күнү 09.00 – 17.00
20 Кеңеш айыл аймагы Абдураимов айылы,

Кеңеш айыл аймагынын имараты

9-август күнү 09.00 – 17.00
21 Сейдукум айыл аймагы Сейдукум айылы,

Сейдукум айыл аймагынын имараты

10-август күнү 09.00 – 17.00
22 Бешик-Жон айыл аймагы Бешик-Жон айылы,

Бешик-Жон айыл аймагынын имараты

11-август күнү 09.00 – 17.00
23 Акман айыл аймагы Жаны-Акман айылы,

Акман айыл аймагынын имараты

12-август күнү 09.00 – 17.00

 

Связанный пост