Электрондук түрдө кызмат көрсөткөн ишкерлер салык төлөшөт

 Электрондук түрдө кызмат көрсөткөн ишкерлер салык төлөшөт

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана “Электрондук соода жөнүндө” Мыйзамга ылайык электрондук түрдө кызмат көрсөткөн уюмдар жана жеке ишкерлер электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөшөт.

Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыктын ставкасы кызмат көрсөтүүдөн жана товарларды электрондук түрдө сатуудан түшкөн каражаттын 2 пайызын түзөт.

Бул салык соода платформасынын операторлору – электрондук сооданын катышуучулары болуп саналган уюмдардын жана жеке ишкерлердин ишине карата колдонулат.

Электрондук түрдө кызмат көрсөткөн салык төлөөчүлөрдү каттоо субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасында катталган домендик аталыш же IP-дарек колдонулганда жүргүзүлөт.

Субъекттер (иштеп жаткан жана жаңы) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке карата салык төлөөчүлөр катары салыктык катталган жери боюнча каттоодон өтүшөт.

Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөгөндөр банкта атайын ачылган эсеп, анын ичинде электрондук капчык жана мындай эсепке байланган башка виртуалдык төлөм шаймандары аркылуу ушул ишке таандык бардык операциялар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.

Связанный пост