Чүй облусунда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин улантууда

 Чүй облусунда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин улантууда

Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматы жана Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Төмөнкү-Аларча айыл аймагында алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Бул күнү милициянын көчмө кабылдамасы айыл тургундарынын ар кандай кайрылууларын кабыл алуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, кээ бир маселелерди жеринде чечишүүдө.

Иш-чара учурунда Төмөнкү-Аларча айылындагы жол жээгинде ирээтсиз соода кылган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга протоколдор толтурулду.
Ошондой эле кылмыштардын алдын алуу боюнча жарандар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, терс окуяга күбө боло турган болсо тезинен милицияга билдирүү керек экендигин белгилешти.

Связанный пост