Министрлер кабинети

Минкаб төрагасы Дүйнөлүк банктын өкүлү менен стратегиялык долбоорлорду талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Наджи Бенхасин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, анын ичинде аны мындан ары кеңейтүү перспективалары талкууланды. Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банкка көп жылдык стратегиялык өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду каржылоодогу маанилүү […]Читать далее

Саясат

Кыргыз-малайзия мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзия парламентинин (сенатынын) Жогорку палатасынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап тең терең жана көп кырдуу өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган саясий диалогду жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты. Тараптар кыргыз-малайзиялык мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык кызматташууга […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү боюнча мыйзам

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 10-сентябрдагы жыйында «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоорун карады. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Маалымат менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырып, мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоо, тарыхый инсан, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай […]Читать далее

Коом

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы иштелип чыгат

Борбор калаада Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын иштеп чыгуу талкууланды. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэрдин орун басары Азамат Кадыров шаардык кызматтарга Шаар куруу илимий-изилдөө институтунун (Санкт-Петербург) адистери менен биргеликте иштерди күчөтүүнү тапшырды. Бүгүнкү күндө Шаар куруу илимий-изилдөө институтунун адистери социалдык, транспорт, экономикалык, жер жана мүлктүк блоктору, ошондой эле экология, архитектура жана инженердик инфраструктура жаатындагы маалыматтарды чогултууну […]Читать далее

Укук тартиби

Ошто мамлекеттик кызматкерлер пара алууга шектелип кармалды

Ошто мамлекеттик кызматкерлер пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Ош шаарынын тургуну 1966-жылы туулган И.А. милицияга кайрылып, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан пара талап кылынганын билдирген. Анын айтымында, 2024-жылдын ноябрында Ош шаарындагы «Жибек-Жолу» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы М.М. жана жер адиси З.М. дүкөнүнүн документтери жок экенин билип туруп, аны буздурбоо үчүн 17 миң сом пара […]Читать далее

Коом

Энергетика министрлиги Кореянын борбордук жылытуу корпорациясы менен кызматташат

Энергетика министрлиги Кореянын борбордук жылытуу корпорациясы менен кызматташат. Ведомстводон билдиришкендей, энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков Кореянын борбордук жылытуу корпорациясынын (KDHC) директору Чон Ён Ги менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар энергетика тармагында кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, технология жана тажрыйба алмашуу, кадрларды даярдоо, ошондой эле Корея өкмөтүнүн расмий өнүктүрүү жардамы аркылуу программаларды ишке ашыруу жана […]Читать далее

Аймак

Оштун мэри көмүр базаларын шаардын сырына көчүрүүнү тапшырды

Оштун мэри көмүр базаларын шаардан сыртка көчүрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, эртең мененки рейддик кыдыруунун алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Раззаков көчөсүндө жайгашкан көмүр базаларга күтүүсүз текшерүү жүргүгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр көмүрдүн калдыктары майдаланып, чаңга айланып жатканын жана чоң жүк ташуучу унаалар аркылуу бул чаң шаардын ичине, айрыкча […]Читать далее

Туризм

Кыргызстандын туризм тармагында төрт мезгилге ылайыкталган шарттар түзүлүүдө

Туризм департаменти жыл сайын туристтердин агымын 10% көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Биринчи радионун” түз эфиринде аталган бөлүмдүн башчысы Эрденет Касымов билдирди. Ал белгилегендей, аэропорттор менен жолдор курулуп, 5 жылдыздуу мейманканалар, эс алуу зоналары ачылып, коруктар, жаратылыш парктары жана башка ушул сыяктуулар курулуп жатат. “Туристтер үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, рынокту диверсификациялоону айталы. Туристтердин негизги […]Читать далее

Коом

ТИМ кыргызстандыктарды Непалга барбай турууга чакырды

Непалдын айрым аймактарында, анын ичинде борбор калаасы Катмандуда өтүп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу Кыргыстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын, ошондой эле Непалда убактылуу жүргөн туристтерди жеке коопсуздукту камсыз кылуу максатында эл көп чогулган жерлерге барбоого жана ар кандай массалык иш-чараларга катышуудан баш тартууга чакырат. Ведомство ошондой эле Непалга сапар пландап жаткан жарандарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Шри-Ланка курама командаларынын беттешине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Шри-Ланка курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды. Оюн 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Азия Кубогуна (U-23) тандоонун алкагында өттү. Кыргызстан курамасы Шри-Ланка курамасын 6:0 эсебинде жеңди. Буга чейин биздин футболчулар «E» тайпасында Палестинаны 2:1 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 2:2 […]Читать далее