Коом

Марат Иманкулов Кыргызстандын Аялдар конгрессинин V Эл аралык бизнес-форумуна катышты

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов бүгүн, 10-сентябрда, Кыргызстандын Аялдар конгрессинин аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө арналган V Эл аралык бизнес-форумуна катышты. Өз сөзүндө ал аялдардын өлкө экономикасына кошкон олуттуу салымын белгилеп, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнестин субъекттеринин 29%ын аялдар башкарарын баса белгиледи. Өзгөчө активдүүлүк текстиль, айыл чарба, билим берүү жана IT тармактарында байкалууда. Марат Иманкулов мамлекет эл […]Читать далее

Саясат

Улукбек Марипов Сауд Аравиянын ТИМ башчысынын орун басары менен жолукту

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улук Марипов Сауд Аравиянын тышкы иштер министринин көп тараптуу эл аралык маселелер боюнча орун басары доктор Абдурахман Ар-Расси менен жолугушуу өткөрдү. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар боордош өлкөлөрдүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташуусунун оң динамикасын канааттануу менен белгилешти. Тактап айтканда, акыркы эки жылда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдар ачылды, эки өлкөнүн […]Читать далее

Коом

Москвадагы кыргызстандыктарга Amina тиркемесин алдын ала өздөштүрүү сунушталат

Москва шаарына жана Москва облусуна “эмгектенүү” максатында келген чет элдик жарандар “Амина” — атайын мобилдик колдонмосун милдеттүү түрдө орнотушу керек болот. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва шаарында жана Москва облусунда чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын жашаган жери боюнча эсепке алуу эксперименттик тартиби киргизилет. Ал учурдагы миграциялык каттоону алмаштырат. “Амина” колдонмосу […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Малайзия парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басарын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Малайзия парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамадды Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алды. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулап, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Мамлекет башчысы жогорку даражалуу конокту тосуп алып, Кыргызстан Малайзияны Түштүк-Чыгыш […]Читать далее

Ден соолук

Япония Кыргызстанга 7,5 млн долларлык медициналык жабдуу берди

Бүгүн Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына заманбап медициналык техника — рентген-аппараттар, УЗИ системалары жана башка жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жалпы суммасы 999 млн япон иенин (болжол менен 7,5 млн АКШ доллары) түзгөн бул жабдуулар Япония өкмөтүнүн гранттык жардам программасынын алкагында Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен жеткирилди. Аземге […]Читать далее

Аймак

Ош мэри үч эмге батирдин ачкычын тапшырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовалар 3-класста окушат. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин кыздардын таенеси мэрге жолугуп, жагдайын түшүндүргөн. Жеңишбек Токторбаев кыздарга кең келечек каалап, тез күндө жаңы батирине жайгаштыруу тапшырмасын берди.Читать далее

Аймак

“Ала-Тоо Резортто” 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

“Ала-Тоо Резорт” курортуна тиешелүү негизги 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу баштады. Ишканадан билдиришкендей, жалпы жонунан 156,6 сотых жерди ээлеген ири объектинин чек арасы “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы тарабынан 2025-жылдын 6-сентябрында такталып, казыктар кагылган. Ага ылайык, жакын арада Ак-Суу районунун Жыргалаң чокусунун аймагына мейманканалардын, VIP-коттедждердин жана модулдук үйлөрдүн курулушу башталат. Кошумчалай кетсек, июль айында өткөн аукциондо коюлган […]Читать далее

Коом

Сокулукта жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүүчү борбор ачылды

Бүгүн, 10-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районунда Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунун салтанаттуу ачылышы өттү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул борбордун негизги максаты – жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, туруктуу үрөн менен камсыз кылуу системасын түзүү жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө болуп саналат. Ошондой эле илимий […]Читать далее

Экономика

Эми бюджеттик кредиттерди кайтаруу ишин Ишкердикти өнүктүрүү фонду жүргүзөт

Финансы-кредиттик фонддон Ишкердикти өнүктүрүү фондуна карыздарды өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин Финансы-кредиттик фонддун базасында “Мамлекеттик каржылык холдинг” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө токтомуна ылайык, мамлекетке карыз болгон зайымчылардын документтерин өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү документине кол коюлду. Эми бюджеттик кредиттерди кайтаруу ишин Ишкердикти өнүктүрүү фонду жүргүзөт. […]Читать далее

Билим

Агартуу министрлиги: Педагогдорду даярдоо тармагы чоң реформага муктаж

Педагогдорду даярдоо тармагы чоң реформага муктаж. Мындай пикирин агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, педагогдорду даярдоо боюнча жол картасы түзүлүп, азыр бул багытта адистер иштеп жатат. “Бизди олуттуу болгон болочок педагогдорду даярдоо маселеси күтүп турат. Бул тармак да абдан чоң реформага муктаж. Биздин келечектеги […]Читать далее