Дональд Трамп жети федералдык агенттикти, анын ичинде “Америка үнү” жана “Азаттык” радиосун каржылагандарды жоюу боюнча буйрукка кол койду. NYT жазгандай, сөз Глобалдык медиа агенттиги жана башкалардын арасында эмгек ортомчулугу жана үй-жайсыздыктын алдын алуу маселелери менен алектенген бир катар белгилүү уюмдар жөнүндө болуп жатат. Эске салсак, февраль айында Илон Маск “Азаттык” жана “Америка үнү” радиосун жабууга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Бишкек шаарындагы мурда “Ак-Кула” ат майданы жайгашкан жерде “Роял Сентрал Парк” (Royal Central Park) көп функционалдуу комплексин курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты Мамлекет башчысы өз сөзүндө Бишкек шаары өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн толкунунда, жаңы экономикалык рынок шарттарында өз […]Читать далее
Экологиялык кырсык болушу мүмкүн деген дооматтар негизсиз. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан билдиришти. КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун геоботаника жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары боюнча лабораториясынын башчысы Адилет Усупбековдун Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын отурумунда жасаган билдирүүсү боюнча «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому төмөнкүлөрдү билдирет. “Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Адилет Усупбековдун экологиялык кырсык […]Читать далее
ЖКККББда күн мурун жол кырсыктарынын алдын алуу жана кызматтык тартипти сактоо боюнча кеңешме өттү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аталган башкармалыктын жетекчиси Жеңишбек Жоробековдун катышуусунда жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусунда онлайн кеңешме өткөрүлдү. Анда мамлекеттик жана эл аралык унаа жолдордун бүгүнкү күндөгү жол кыймылына тийигизген таасири, коопту аймактардын, тийиштүү жол белгилеринин жана жол чийиндеринин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун Аталар күнүнө карата куттуктоосу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады. Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Ардактуу аталар! Сиздерди өлкөбүздө алгач ирет белгиленип жаткан Аталардын күнү менен чын дилимден куттуктаймын. Үй-бүлө институтун чыңдоодо атанын жоопкерчилиги жогорулаган бүгүнкү заманда Аталар күнүнүн белгилениши – учурдун талабы […]Читать далее
Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин эки өлкөнүн ортосундагы чек ара талаш-тартыштарын жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюлганын кубаттады. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү тараптарды куттуктап, бул келишимди түзүүдөгү ийгиликти аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу жолундагы маанилүү кадам катары сыпаттады жана аны өз ара урматтоону жана пайданы сыйлоо жана камсыз кылуу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы Ахмет Садык Доганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров эки өлкөнүн парламенттери менен мамлекеттик органдарынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгилеп, Түркия […]Читать далее
Бишкек шаарында аба ырайынын температурасын эске алуу менен жылытуу мезгили 17-мартта аяктайт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматта айтылгандай, мындай чечим күз-кыш мезгилине карата ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы кол койгон. Белгилей кетсек, энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Бишкек шаарынын «Электр станциялары» ААКсынын Бишкек ЖЭБ жана Бишкек жылуулукэнерго филиалдарынын мүлк […]Читать далее
Мэрия Ош базарын иретке келтирүүгө киришти. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Токтогул/Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде башаламан соодадан ыктыярдуу түрдө жолдун бөлүгүн тазалоо иштери жүрүп жатат. Эске салсак, мындан бир жума мурун муниципалдык инспекция соодагерлерге 344 эскертүү берген. Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жеңил курулуштарды жана объектилерди бузуу боюнча 50 эскертүү берилген. Жеринде мыйзамсыз орнотулган 13 соода күркөсү […]Читать далее
Европа Биримдиги Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын делимитациясы жана демаркациясы боюнча акыркы келишимге кол коюлушун кубаттайт. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. “Бул диалогго жана тынчтык жолу менен талаштарды чечүүгө негизделген маанилүү учур жана чоң кадам. Келишим Борбор Азиянын туруктуулугун жана бекемдигин чыңдайт. Европа Биримдиги регионалдык кызматташтыкты колдойт жана бул келишимдин ишке ашырылышын колдоого […]Читать далее