Кечээ, 2-июнда 2025/26-окуу жылына мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Каттоо 15-августка чейин уланат. Агартуу министрлигинин мектепке кабыл алуу порталындагы маалыматка ылайык, жалпы 289 772 орун бар. Бүгүнкү күндө 132 миңден ашуун бала биринчи жана экинчи класстарга катталды. Дагы 157 миңден ашуун орун калды. Алардын 28 миңден ашууну жеңилдетүү каралган (льгота) орундар. 593 орун күтүү […]Читать далее
МинКаб Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны алып салуу жөнүндө” токтом кабыл алды. Токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорттук каражаттар аркылуу ташылып келүүчү, ЕАЭБ ТЭИ ТН 6809 11 000 0 коду менен классификациялануучу гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды […]Читать далее
Июлда “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган мамлекеттик 3-учак алып келинет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган мамлекеттик 3 учак бар. Анын экөөсү учурда колдонулуп жатат. Ал эми үчүнчүсү июлда алып келинет. “Мындан сырткары, төртүнчү […]Читать далее
Өлкөдө жалпы 11 аэропорт бар, анын ичинен бешөө эл аралык. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, ал эми калган алтоо аймактык аэропорттор. Бүгүнкү күндө каттамдардын 70 пайызын эл аралык каттамдар түзсө, 30 пайызын ички каттамдар түзөт. “Учурда өлкөнүн бардык аэропортторунда оңдоо-түздөө иштери жүрүп […]Читать далее
Милиция кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Белгилүү болгондой, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чет өлкөлүк жарандан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери тарабынан жасалган мыйзамсыз аракеттер тууралуу арыз келип түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын февраль айынын аягында милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, андан 5 миң доллар акча талап кылган. […]Читать далее
Бишкектеги май-сыр кампасынын акцияларынын жарымы мамлекетке кайтарылды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Кулатов көчөсү 1 дарегинде жайгашкан мурдагы «Майкампа – Бишкек өндүрүш-сатуу маслосырбаза» ААКсынын (азыркы «Майкампа» ЖЧКсы) менчигиндеги мурдагы мамлекеттик мүлктү (менчиктештирүү) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Маалыматта айтылгандай, 1991-жылдан 2000-жылга чейин мамлекеттик мүлктү приватташтыруу активдүү жүргүзүлүп жаткан мезгилде, мамлекеттик мүлктү башкаруу органына караштуу «Майкампа – […]Читать далее
«Asman Airlines» авиакомпаниясы Кербенден Бишкекке аба каттамдардын санын көбөйттү. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, каттамдар эми жумасына эки жолу – шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Билеттин баасы 3600 сомдон башталат. Билеттер asmanairlines.kg тиркемесинде жеткиликтүү.Читать далее
“Ысык-Көл” аэропортунун жаңы аэробекети жыл соңуна чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, учурдагы комплекс 2003-жылы курулган жана азыр жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө туруштук бере албайт. Себеби, күндөн-күнгө туристтердин агымы өсүүдө. Быйыл дагы облуска 8 миллионго жакын туристтердин келиши күтүлүүдө. “Аэробекет эки кабаттан […]Читать далее
Бала-Саруу ГЭСи туруктуу иштеп, электр энергиясын өндүрүү боюнча пландан кыйла ашкан жыйынтыктарды көрсөттү. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, энергетикалык компаниянын техникалык директору Бекжан Бакеновдун айтымында, пландан ашыкча 22,0 миллион кВт саатка жакын көлөм өндүрүлгөн. «Бүгүнкү күндө станция 47,5 миллион кВт саат электр энергиясын өндүрдү. 2025-жылдын январь–июнь айлары үчүн план 25,5 миллион кВт саатты түзгөн. Демек, пландан ашыкча […]Читать далее
“Ош” эл аралык аэропортунун аэробекетинин курулушу 2026-жылдын апрелинде бүтөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, учурда аэробекеттин курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Долбоорго жалпысынан 17 млн АКШ доллары каралып, аны Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ишке ашырып жатат. “Жаңы курулуп жаткан аэробекет […]Читать далее