Быйыл өлкө боюнча 4 миң ипотекалык батир берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаев билдирди. Анын айтымында, ачкычтар үй ээлерине жыл соңуна чейин тапшырылып бүтөт. “Бишкек шаарындагы Маликов көчөсүндөгү батирлер экинчи этап менен 3-кварталдын аягында берилет, Молдобасанов көчөсүндөгү батирлер жай айларында, ал эми Кустанай жана Волков көчөлөрүнүн кесилишиндеги батирлердин […]Читать далее
Бишкекте мамлекеттик сыйлыктарды жана Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшыруу аземи
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тарабынан аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда эрдик, туруктуулук жана каармандык көрсөткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргогондугу үчүн чек ара аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Андан […]Читать далее
Президентинин администрациясында Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отуруму болуп өттү. Жыйынга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, тармактык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, спорт федерацияларынын өкүлдөрү катышты. Негизги уюштуруу маселелери талкууланды, анын ичинде оюндарды өткөрүүнүн так күнүн аныктоо, жайгашкан жерлерди тандоо, ошондой эле маданий-спорттук программанын концепциясын иштеп чыгуу. Негизги иш-чаралар Бишкек шаарында […]Читать далее
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону күтүүнүн кереги жок, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында. “Эмне үчүн? Учурдагы көпчүлүк депутаттарга ыраазыбыз. Президент Садыр Жапаров белгилеген багытты, эң негизгиси реформалардын темпин колдойт. Бүгүнкү күндө аткаруу бийлигинин мыйзам чыгаруучулар менен көйгөйү жок. Үчүнчү тараптардын арабызга от салууга, пикир келишпестикке алып […]Читать далее
Кыргызстан менен Венгрия түз аба каттамын ачууга камынууда. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Венгрия менен түз аба каттамын ачуу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Министрлер кабинети менен Венгриянын өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамы жөнүндө макулдашуу 2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Мыйзам долбоорун комитетте […]Читать далее
Өткөн аптада Токмок шаарында жана Кемин, Чүй райондорундагы тамактануу жайларында, соода түйүндөрүндө өрт коопсуздугунун эрежелери текшерилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аларга коопсуздук эрежелерин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү баракчалары таркатылды. Статистикага таянсак, өрттүн 60-70% чыгуусу тамактануу жайларда жана соода түйүндөрүндө катталат. Айрыкча өрт кырсыктары газ баллондордун туура эмес колдонулушунан, бузук абалдагы электр зымдарын жана […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуу Британиянын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча соода комиссары Кэмерон Полео менен жолугушту. Тараптар кызматташтыктын негизги багыттарын – саясий диалог, соода-экономикалык байланыштар, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана эмгек миграциясы боюнча талкуулашты. Байсалов Улуу Британия Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөшү бойдон кала берээрин белгилеп, Лондондо 700 млн АКШ доллары […]Читать далее
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагына караштуу Сары-Алтын айылын аралап өткөн Кожо-Кайыр каналына курулган “Базарбай Ата-3” чакан ГЭСи эгемендүүлүк күнүнө карата ишке берилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине аталган чакан ГЭС ишканасынын өкүлү Алымбек Султанов билдирди. Анын айтымында, чакан ГЭС толук ишке киргенде 600 кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, болжол менен 300дөй түтүн электр энергиясы […]Читать далее
Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу эми онлайн режимде жеткиликтүү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, легалдаштыруу процессинде ортомчулук кызматтардын кереги жок, мындай кадамдар алдамчылыкка алып келиши ыктымал. Бардык процедуралар онлайн жана түз расмий порталдар аркылуу жеткиликтүү. Маалыматта белгиленгендей, 2025-жылдын 10-июнуна чейин миграциялык эрежелерди бузгандар – мөөнөтү өтүп кеткен виза менен, документи жок же […]Читать далее
Минкаб төрагасы 100 күндүк реформанын алкагында жаңы чаралар башталганын билдирди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында 100 күндүк реформаларды ишке ашыруу боюнча кезектеги иш-чаралар менен тааныштырды. Ал сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү экенин баса белгиледи. “Президент жетектеген команда өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу, мамлекеттик аппараттын жогорку темптерин жана ритмин сактоо менен күнү-түнү иштеп жатат. Биздин […]Читать далее