Жогорку Кеңеш

ЖК төрагасы: Скутерлер менен мопеддердин кыймылын тез арада иретке келтирүү

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министрин жана калаа башчысын башаламан колдонулуп жаткан скутерлер менен мопеддерди көзөмөлгө алууга чакырды. Тагыраагы, шаар тургундарынан, айрыкча айдоочулардан скутерлер менен мопеддерге байланышкан кайрылуулар көп түшүп жатканын айткан төрага: “Аталган техникалар жолдордо авариялык абал жаратып, башка унааларга тоскоолдук кылган учурлар көбөйдү. Катуу айдалгандыктан, түнкүсүн да шаардыктардын […]Читать далее

Билим

Министрлик: Республика боюнча 1-2-класстар үчүн 157 751 бош орун бар

Агартуу министрлиги 2025 – 2026-окуу жылына балдарды жалпы билим берүү уюмдарынын 1 – 2-класстарына электрондук каттоонун экинчи этабы улантылып жатканын билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 3-июнуна саат 17:30га карата 132 021 бала катталды. Республика боюнча бош орундар – 157 751, экинчи этапта жалпы 19 501 бала катталды, анын ичинен 2-июнга карата – 14 876 бала, […]Читать далее

Коом

11-июндан тарта Өзбекстандан Ысык-Көлгө автобус каттай баштайт

2025-жылдын 11-июнунан тарта “Uzautotrans Service” ЖЧКсы Ташкент — Чолпон-Ата багыты боюнча сезондук автобус каттамын жандантып, ишке киргизет. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Каттамдар күн сайын Yutong үлгүсүндөгү ыңгайлуу автобустар менен аткарылат. Автобус Ташкент шаарындагы борбордук автобекеттен күн сайын саат 15:00дө жөнөйт. Билеттердин баасы — 300 миң сум (24 доллардан ашык).Читать далее

Министрлер кабинети

Бишкекте кылмышты каржылоого жана кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча жыйын

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында Кылмыштуулукту каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын 14-жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга байланышкан төрт негизги маселе каралды. Комиссия Кыргыз Республикасын өз ара баалоого даярдоонун алкагында 2024-2026-жылдарга стратегиялык […]Читать далее

Коом

Жер мунапысын жүргүзүүгө арызды кабыл алуу 1-июлда аяктайт

Жер мунапысын жүргүзүүгө арызды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, жер мунапысы башталган күндөн тартып республика боюнча 2025-жылдын 30-майына карата мунапыс алууга жарандардан жалпы 170 626 арыз келип түштү. Анын ичинен жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жарандарга жер участогун бекитип берүү жөнүндө 76 […]Читать далее

Президент

Сот чечимине кийлигишпейбиз. Президент Кой-Таш окуясына карата чыккан сот өкүмүнө

3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар чечимди колдосо, башкалар жаза оор болду деп эсептешүүдө. Президент Садыр Жапаров бул иш боюнча “Кабар” агенттигине пикирин билдирип, соттун чечимине кийлигишпөө керектигин белгиледи. — Саламатсызбы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата соттун өкүмү чыкты. […]Читать далее

Укук тартиби

Чет элдик жарандан акча талап кылган милиция кызматкери кармалды

2-июнда УКМК тарабынан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполковниги Д.М.К. чет элдик жарандан акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Атайын кызматтан билдиришкендей, тинтүү иштеринин жүрүшүндө, анын иш бөлмөсүнөн жарылуучу граната (болжолдуу түрдө) жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар табылган. Маалыматка ылайык, кармалган жаран системалуу түрдө чет элдиктерден акча талап кылуу менен алектенген жана ошондой эле […]Читать далее

Коом

6-июнда айт намазы мечиттерде окулат

6-июнда айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады. Анда белгиленгендей, айт намазы жума мечиттерде жана казыят тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулат. Айт намазы саат 07:30да башталат. Кыргызстанда Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет. Ишемби жана жекшемби күндөрдү кошкондо кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат.Читать далее

Коом

Кой-Таш окуясына тиешеси бар бир нече адамга сот өкүмү чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясына тиешеси бар бир нече адамга сот өкүмүн чыгарды. Соттун маалыматына ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 6 айга сыртынан кесилип, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу чечими чыгарылды. Ошондой эле ал кармалган учурда дароо камакка алынып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясына жибериле тургандыгы белгилүү болду. Андан сырткары, президенттик […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Бул токтомдун максаты жана милдети Кыргыз Республикасында адамдын органдарын жана (же) тирүү донордун ткандарын трансплантациялоо процессин тартипке келтирүү жолу менен “Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ишке ашыруу болуп саналат. Ошондой эле токтом “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын […]Читать далее