5 айда Кыргызстандагы иш берүүчүлөргө эмгек укуктарын бузгандыгы үчүн дээрлик 5 млн сом айып салынды. Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–май айлары аралыгында жүргүзүлгөн пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эмгек мыйзамдарын бузууга байланыштуу жалпысынан 4 млн 949 миң 672 сом суммасында айып жана милдеттүү төлөм каралган. Аталган сумманын ичинен 4 […]Читать далее
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде 16 кабаттуу заманбап имарат курулат. Университеттен билдиришкендей, учурда КУУнун жатаканасынын эски имаратын буздурулууда. Жаңы имарат заманбап стандарттарга жооп берип, студенттер үчүн кошумча окуу жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Окуу жайдан ректорунун айтымында, көп кабаттуу комплекс №4 жатакананын ордуна курулат. “Бул комплекс билим берүүчү дарсканалар, студенттер жана чет элдик окутуучулар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду Корея Республикасынын президенти кызматына шайланганы менен куттуктады. “Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан сизди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз жана Корея Республикасынын президенти болуп шайланганыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили. Сиз […]Читать далее
Социалдык фонд Түркияда иштеген кыргыз жарандары келечекте пенсияга чыга аларын эскертет. Белгиленгендей, 2020-жылдан тартып Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Алсак, Кыргызстан өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 352 суроо-талап жиберилген, 350 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүн Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы иш-чарада 542 калктуу конуштарда таза суу долбоорлору ишке ашып жатканын билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, Төрөбаев өз сөзүндө долбоордун айыл калкынын жашоо сапатын жогорулатуу жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Эл аралык донорлор менен биргеликте Республиканын калктуу конуштарын ичүүчү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япония өкмөтүнүн өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуу Эдил Байсаловдун Осака шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО-2025 көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн Японияга иш сапарынын алкагында орун алды. Тактап айтканда, минкаб төрагасынын орун басары Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсимаса Хаяси менен жолугушуп, […]Читать далее
Данияр Амангелдиев КМШ мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Чолпон шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 80-жыйынына катышты. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Данияр Амангелдиев заманбап дүйнөдө стратегиялык ийкемдүүлүктүн жана туруктуу чечимдердин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эки негизги иш-чараны бир аянтчада – КМШнын Бажы кызматтарынын жетекчилеринин Кеңеши менен Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) […]Читать далее
Бишкекте айдоочуну тапанча менен коркуткан жаран кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, 23-майда Карл Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар жаңжалдашкан. Ортодогу чыр-чатактан улам И.Р.Д. аттуу жаран 12 даана 10х28 калибрдеги октору жана 2 магазин менен жабдылган «Grand Power Т 12» маркасындагы травматикалык тапанчасын алып, катышуучуларды көздөй багыттап, өлтүрөм деп […]Читать далее
Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, ошондой эле энергетика, инвестициялык климатты жакшыртуу сыяктуу артыкчылыктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Өзгөчө көңүл энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине бурулду. Белгиленгендей, азыркы учурда техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун […]Читать далее
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун 2024-жылдагы ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аудиттин жүрүшүндө коомдун ишинде бир катар мыйзам бузуулар жана ички регламенттердин талаптарын аткарбоо фактылары аныкталды. Тактап айтканда, коомго лизинг ишин жүргүзүүгө расмий уруксат берүүчү лицензия 2024-жылдын 16-декабрында гана берилген. Бирок ушул күнгө чейин эле коом […]Читать далее