Президент

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзамдын максаты болуп болуп жергиликтүү коомдоштуктун ортосундагы социалдык жана башка жаңжалдардын алдын алуу жана аларга каршы аракеттенүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев экологдорду кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экологдорун кесиптик майрамы –  Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады. “Урматтуу экологдор! Сиздерди экологдор күнү жана Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн айлана-чөйрөнү коргоо адистеринин гана кесиптик майрамы эмес. Мен бүгүн табиятка аяр мамиле жасап, аны сактап жана абалын жакшыртууга аракетин аябаган бардык […]Читать далее

Коом

Россиядагы кыргыз мигранттарынын дээрлик 16 млн рубль эмгек акысы өндүрүлдү

Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кыргызстандык мигранттарга дээрлик 16 миллион рубль эмгек акысын кайтарууга жардам берди. Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылдын биринчи беш айынын ичинде Россияда жүргөн кыргызстандыктарга ар тараптуу укуктук жана консультациялык колдоо көрсөттү. 175 жаранга укуктук иш — аракеттердин, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жана расмий кат алышуулардын аркасында мурда алынбай калган эмгек акысы 15 764 700 […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Жалал-Абад облусундагы иш сапары башталды. Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Чаткал районуна барып, Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүштүк ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Асыл металл рудаларын казып алып, байытуу менен алектенген ишканага жалпы 350 млн доллар инвестиция тартылып, ачылгандан бери 4 жарым тонна алтын өндүрүлгөн. Ал […]Читать далее

Коом

Өзбекстан – Кыргызстан – Кытай – Монголия транспорт коридору ачылды

Өзбекстандын Транспорт министрлиги жана Соода-өнөр жай палатасынын демилгеси менен Өзбекстан – Кыргызстан – Кытай – Монголия багыты боюнча алгачкы пилоттук жүк ташуу ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Аталган транспорт коридору жүк ташууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Өзбекстандын ишкерлерине продукцияларын жаңы рынокторго чыгарууга шарт түзөт. Катышуучу өлкөлөрдүн координацияланган аракеттери аркылуу логистикалык байланыштар […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолукту

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолукту. Анда тараптар негизинен Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун буга чейинки жолугушууларында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн жана алдыдагы кыргыз-тажик кызматташтыгынын күн тартибине киргизилген бир катар актуалдуу маселелер боюнча сүйлөштү. Өкмөт […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга келди

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен келди. Министрлер кабинетинин төрагасынын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Адылбек Касымалиевди Тажикстандын премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинди. Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш […]Читать далее

Министрлер кабинети

Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобо

Министрлер кабинети “Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобо башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн улантуучулук билим берүү программаларынын алкагында билим берүү уюмунан сырткары билим алуучунун үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуу тартибин аныктайт, мамлекеттик жана […]Читать далее

Министрлер кабинети

Дарыкана аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары менен камсыздоо жоболору

Камсыздандырылган калктын жана калктын жеңилдетилген категорияларынын амбулаториялык деңгээлде дары каражаттарына экономикалык жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Дарыкана уюмдары аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтом менен төмөнкүлөр бекитилди: Дарыкана уюмдары аркылуу оорулуулардын жеңилдетилген категориясын амбулаториялык деңгээлде […]Читать далее

Коом

Эски троллейбустар жаңы электробус болуп жасалууда

Бишкек шаарында калган мурунку троллейбустар эми электробус болуп өзгөрүп, шаар тургундарына кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Атап айтканда, пилоттук долбоордун негизинде контакттык троллейбустар кайра жабдууланып, автономдуу жүрүүчү электробус болуп жасалат. Жогоруда аталган пилоттук долбоорду «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасы ишке ашырууда. Маалыматта ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыяланып, катышуучулардын жоктугунан улам […]Читать далее