Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында өз алдынча объектилердин курулушуна бөгөт коюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, бардык материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди. Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 9-декабрындагы чечими менен Чуйков көчөсү 132/2 дарегиндеги көп батирлүү турак-жай бузулууга тийиш, анын заказчысы «Эконом Хаус» ЖЧКсы. “Эконом Хаус” ЖЧКсы өз алдынча курган көп […]Читать далее
Шаардык муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында 2023-жылга карата тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү маселеси талкууланды. Кеңешменин жыйынтыгында мэр Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине мэрдин орун басарлары менен биргеликте «Бишкекасфальтсервис» МИнин жетекчи орун басарларынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Ички аудит бөлүмүнө 2021-2022-жылдарга аудитордук кортундуда көрсөтүлгөн маселелерди белгиленген тартипте кароо […]Читать далее
2023- жылдын 18-20-август күндөрү Чолпон – Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт. Фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багыт алып, келечекте популярдуу музыка аткаруучулардын башын бириктирген ири аянтчага айланат. Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары, ошондой эле Казакстан, Түркия, Россия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген […]Читать далее
Корул айыл өкмөтүндө заманбап спорт комплекс курулат. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ош облуссундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак участкасына Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Өскөнбай Жээнбаев тарабынан спорт комплексинин курулуш иштери жүрөт.Читать далее
Күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы Улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү. Аталган рейтинг 13-16-июлда Венгрияда өткөн рейтингдик турнирден кийин өзгөртүлгөн. Анда Тыныбекова алтын медаль уткан. Бул жыйынтык Кыргызстанга 8000 упай алып келди. Азыр Тыныбекованын активинде 66075 упай бар жана 3-орундан 2-орунга көтөрүлүп жатат. Бул 2023-жылдын эсебинен рейтинг аныкталган 4-турнир […]Читать далее
Капиталдык курулуш башкармалыгы 2 кабаттуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулуш иштерине тендер жарыялайт. Объект Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө, Ленин районунун Семетей көчөсү 6 дарегинде жайгашат. Жер участогунун жалпы аянты 1,264 га. Сметалык наркы 110 миллион 840 миң 557 сом; 2023-жылга 39 000,0 сом каралган.Читать далее
Бүгүн, 19-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 1-туруна арыздарды кабыл алуу аяктады. 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин созулган биринчи турда 26 миң 546 арыз катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча абитуриенттердин эң көп талонун Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (3838), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (3690) жана Ош мамлекеттик университети (3352) […]Читать далее
Баткен шаарында мэриянын тийиштүү кызматкерлери, мамлекеттик тил боюнча адистер жана Баткен улуттук телерадиоканалынын журналисттери менен биргеликте шаардын борбордук көчөлөрүндө мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардан арылуу максатында рейд уюштурду. Рейддин жүрүшүндө эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар жеринде алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга чейин да рейд жүрүп, соода түйүндөрүнө, ашканаларга, дүкөн ээлерине эскертүүлөр берилип […]Читать далее
Кызыл-Аскер конушунун Сельсоветская көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жер төлөсү менен 3 кабаттуу имараттын курулушу уланууда. Бүгүнкү күндө бетон иштери, кыш куюу иштери аяктап, электр энергиясы өткөрүлдү. Учурда 3 жана 2-кабаттардын дубалдарын шыбоо, ошондой эле чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Жаңы имарат 150 кишини кабыл алууга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 1402 м2. Кошумча имаратта […]Читать далее
Октябрь районунан «Тазалык» муниципалдык ишканасы күнүнө 140 тоннадан ашык таштанды чыгарат. Катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда жалпысынан 25ке жакын жүктөгүч жана 9 таштанды ташуучу унаа иштеп жатат. Эске салсак, «Тазалык» муниципалдык ишканасы 14-июндан тарта Октябрь районунун аймагындагы таштандыларды чыгара баштаган. Буга чейин ишмердүүлүк бир нече жыл жеке компаниялардын колунда болгон. Тилекке каршы, «Тазалык» МИ таштанды контейнерлерин […]Читать далее