Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү

 Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү
Күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы Улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү.
Аталган рейтинг 13-16-июлда Венгрияда өткөн рейтингдик турнирден кийин өзгөртүлгөн. Анда Тыныбекова алтын медаль уткан. Бул жыйынтык Кыргызстанга 8000 упай алып келди. Азыр Тыныбекованын активинде 66075 упай бар жана 3-орундан 2-орунга көтөрүлүп жатат.
Бул 2023-жылдын эсебинен рейтинг аныкталган 4-турнир болду.

Связанный пост