Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Самойленка көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакчага кошумча корпустун курулуш иштерин баштады. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр. Имаратта бардык керектүү жайлар биринчи жана экинчи кабаттарда жайгашкан: кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөр, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш […]Читать далее
2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик ипотекалык компания бюджетке 21,5 миллион сомдон ашык салык төлөдү. Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания бюджетке жалпы суммасы 21 594 777 сом салык төлөгөн. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде өлкө бюджетине 15 484 751 сом салык төлөгөн. Жалпысынан компаниянын кирешеси отчеттук мезгилде 148 273 099 миллион сомду түздү. […]Читать далее
Борбор калаада Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде “Шоро” ишканасынын шахмат аллеясы салтанаттуу түрдө ачылды. Кыргыз шахмат союзунун, КРнын Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Кызыл лентаны Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана «Шоро» жабык акционердик коомунун башкы директору Кайрат Эгембердиев кесип, аны менен катар акимчиликтин ыраазычылык каты тапшырылды. Мындан тышкары, Эл […]Читать далее
2023-2024 күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү иштеринин алкагында Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалындагы бардык отканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Анын жүрүшүндө отказандардын жарактан чыккан тетиктери алмаштырылып, сырдалууда. Бүгүнкү күндө «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын каржылоосу менен Талас шаарындагы мазут отуну менен иштеген №1 отканага буу бөлүп чыгаруучу кичи отказан (паровой) орнотулду. Аталган отказан көмүр отуну менен […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери биргеликте шаар ичинде өз билемдик менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жеке менчик ишканаларды текшерүүгө алышты. Анын жүрүшүндө шаар ичинде ишмердүүлүгүн өз билемдик менен жүргүзүп жаткан 33 мекемеде, анын ичинде санитардык түйүндөрдө, тиш дарылоочу кабинеттерде, косметология салондорунда мыйзам бузуулар аныкталып, санитардык ченемдерин жана […]Читать далее
Акыркы 1,5 жылдын ичинде мамлекеттик инвестициялырдын бюджети кыйла өстү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинен маалымдашты. Былтыр мамлекеттик инвестициялырдын бекитилген бюджети 35,6 млрд сомду түзгөн жана бюджеттин аткарылышы 91 пайызды түзгөн. 2023 жылдын бюджети 45,9 млрд сомду түзөт жана акыркы 6 айдын негизинде 17,8 млрд сом өздөштүрүлду же 39 пайызга аткарылды. Азыркы учурда жалпы суммасы $3,4 […]Читать далее
Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын жана Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери менен биргеликте шаарда сатылып жаткан коон, дарбыздардын коопсуздугу, аларды сатууда санитардык талаптарынын аткарылышы боюнча ар тараптуу текшерүүлөрдү жүргүздү. Текшерүү учурунда жол боюнда сатылып жаткан коон, дарбыздар атайын жабдык менен текшерилип, жол эрежелерин бузуп, белгиленбеген жерде […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 20-июлунда (№ 142) “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты 2021-жылдын 28–30-апрелинде […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук системасына терс таасирин тийгизген факторлорду жана шарттарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 2023-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды. Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран М.М. кармалды. 2023-жылдын 20-июлунда […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызыкчылык туудурган түрдүү тармактардагы кыргыз-армян эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.Читать далее