Коом

Эмгек министрлиги: 1,4 миң адамга “Санариптик көчмөн” макамы берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2022- жылдын сентябрь айынан бери “Санариптик көчмөн”пилоттук долбоору ишке ашырылууда. Бул макамды алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн; программалоо, жумуш-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк адистер укуктуу. Министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдиргендей, “Санариптик көчмөн” макамына арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, […]Читать далее

Укук тартиби

Ош базарында 16 миң 900 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер табылды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Министрлер Кабинетинин алдындагы алкоголдук продукцияларды чыгарууну контролдоо боюнча мамлекеттик агентство менен биргеликте 2023-жыдын 18-июлунда контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле Ош базарындагы “Берекет универсал” соода түйүндөрүндөгү тинтүүнүн натыйжасында ар кандай көлөмдөгү 3 миң 350 литрди түзгөн […]Читать далее

Маданият

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтүүдө

18- июлда Бишкек шаарындагы “Манас” кино театрында “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу XI эл аралык фестивалдын расмий ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Азербайжан, Белоруссия, Грузия, Армения, Казакстан, Россия, Өзбекстандан келген кинорежиссёрлор жана Кыргызстандык кинорежиссёрлор катышышты. Фестивалга келген кадырлуу коноктор кызыл […]Читать далее

Коом

Бишкек-Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташыган ВИП-вагонго билеттер сатыкка чыкты

2023-жылдын 19-июлунда саат 14:00дөн тарта Бишкек-2 – Балыкчы багыты боюнча каттай турган ВИП жүргүнчү ташуучу вагонго билеттер сатыкка чыкты. ВИП вагон ушул жума күнү, тагыраак айтканда 21-июлда каттап баштайт. Билет баасы: чоңдорго – 800 сом, балдарга – 400 сом. «Бишкек-2 – Балыкчы» поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы […]Читать далее

Коом

Эки автотранспорттун айдоочуларына түтүндүн максималдуу деңгээли үчүн 7,5 миң сомдон

2023-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматы жана менен Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматы “атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги […]Читать далее

Коом

Дордой конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Подряддык уюм тарабынан курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы мантаждоо иштери аяктады жана тышкы жасалгалоо иштери башталды. Жер участогунун жалпы аянты-0,57 га, ал эми жайдын аянты-1600 чарчы метр. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга эсептелген эки блоктон турат. Имаратта уктоочу, оюн-зоок бөлмөлөрү, кампа, ашкана, жуунуу жайы, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү жана техникалык бөлмөлөр каралган. […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Жиддага келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен өлкөгө жумушчу сапар менен келди. Мамлекет башчысынын борту Жидда шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы “Борбор Азия […]Читать далее

Президент

Кыргызстандын Президентинин Фондунун каражаттарынын эсебинен гемодиализ аппараттары сатып алынды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Фондунун каражаттарынын эсебинен өлкөнүн жарандарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында гемодиализ аппараттары сатып алынды. Суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен 10 даана диализ аппараттары жалпы суммасы 16 млн 552 миң 250 сомго сатылып алынды. Учурда Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында төрт гемодиализ аппараты орнотулду. Калган төртөө Эне жана баланы […]Читать далее

Коом

“Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 159-183-чакырымын реконструкциялоо” долбоорунун алкагында аткарыла турган

“Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 159-183-чакырымын реконструкциялоо” долбоорунун (узундугу 24 чакырым, Дыйкан а. – Кызыл-Жылдыз а., 3- Фаза) алкагында аткарыла турган негизги курулуш иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Азыркы учурда Подрядчы тарабынан жол белгилерин орнотуу, жашыл аянтчаларга айлана турган жерлерди аныктоо, Кызыл-Жылдыз айылында лотокторду коюу иштери жүрүүдө. Ошондой […]Читать далее

Коом

Жыл башынан тартып 486 миңден ашуун жол эрежелерин бузган айдоочулар

ЖКККББнын  борбордук аппаратында  Ички иштер министринин орун басары  милицияныны генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун,  ЖКККББнын башчысы Азамат Исраиловдун жана орун басарларынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын  катышуусунда  6 айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды. Жыл башынан тартып, ЖКККББгы тарабынан жалпысынан  486 миң  083 жол эрежелерин бузган  айдоочулар  аныкталып, мамлекеттик буджетке 241млн. 310миң  765 […]Читать далее