Бишкекте жолдорду оңдоо боюнча жыйын өттү

 Бишкекте жолдорду оңдоо боюнча жыйын өттү

Шаардык муниципалитетте  борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында 2023-жылга карата тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү маселеси талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында мэр Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине   мэрдин орун басарлары  менен биргеликте «Бишкекасфальтсервис» МИнин жетекчи орун басарларынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Ички аудит бөлүмүнө 2021-2022-жылдарга аудитордук кортундуда көрсөтүлгөн маселелерди  белгиленген тартипте кароо тапшырылды.

Укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү өз убагында, белгиленген тартипте «Бишкекасфальтсервис» МИнин коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана алдын алуу боюнча иштерин талдап чыгат.

Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчыларына  «Бишкекасфальтсервис» МИ тарабынан жүргүзүлүп жаткан тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча иштерге   муниципалдык администрациялардын  тиешелүү адистери  тарабынан көзөмөлдүн  жетишсиздигин белгилөө, ошондой эле   техникалык көзөмөл боюнча адистердин тизмесин Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментине окутуу  үчүн жөнөтүү тапшырмасы берилди.

Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине   Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын техникалык көзөмөл адистерин   окутууну белгиленген тартипте өткөрүү маселесин иштеп чыгуу, райондордогу техникалык көзөмөл боюнча адистердин ишин оптималдаштыруу боюнча сунушту өз убагында киргизүү  милдеттендирилди.

Бүгүн Шаршеналиев Урматбек Талантбекович «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери болуп дайындалды, буга чейин ал Шаардык чарба департаментинин  жол бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Белгилей кетсек, өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгында буга чейин бул кызматты аркалаган башкы инженер кызматынан бошотулган.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Связанный пост