Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери камералдык текшерүү методу менен Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ВИП-шаарчалардын тургундарынын кыймылсыз мүлк салыгын төлөгөндүгүн текшеришти. 10 күндүн ичинде 799 турак үй текшерүүгө алынды. Жыйынтыгында 287 үйдүн ээси 3,5 млн сомдон ашык суммада мүлк салыгын төлөбөгөндүгү аныкталган, анын 109 – турак жайга, 178 – үйдүн жанындагы участокко. Мүлк ээлери бюджетке […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө кантип мыйзамдуу түрдө жумуш табууга болорун айтып беришти. Ведомство түшүндүргөндөй, эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомдун (GIZ) колдоосу менен “занятость” интерактивдүү веб-порталы иштеп жатат (www.zanyatost.kg), анда республика боюнча бардык бош орундар, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтар, ошондой эле жаңылыктар жана пайдалуу маалыматтар жайгашкан. […]Читать далее
2022-жылдын сентябрынан тартып Кыргызстанда өлкөгө жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү боюнча “санариптик көчмөн” пилоттук долбоору ишке ашырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, көчмөн статусун 6 өлкөнүн жарандары ала алышат – Россия, Казакстан, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Молдова, алар программалык камсыздоону иштеп чыгуу, медиа жана санариптик искусство, графикалык дизайн […]Читать далее
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 2,3 миң адам ишке орноштурулган. Дагы 1,5 миң адам кесиптик окутууга жиберилген, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган. Окутуу эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерде – медициналык айым, компьютердин оператору, Ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюрист, массажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, […]Читать далее
Баткен облусунун жабыр тарткан ишкерлерине зыяндын ордун толтуруу максатында, 2023-жылга, жабыркаган ишкерлерге кредиттик каражаттарды берүүгө республикалык бюджеттин эсебинен 90,3 млн сом суммасында акча каражаттары каралган. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. КР Каржы министрлигинин Финансы-кредиттик фонддун кызматкерлери, Баткен облусунун Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан 212 жабыркаган субъекттер менен жумуш алып […]Читать далее
«Кыргыз темир жолу» УК» МИ 2022-жылы технологиялык процесстин талаптарына ылайык жүк ташуу иштерин жүргүзгөн. Алсак, 2022-жылы 8022,0 миң тонна жүк ташылып, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 361,5 миң тоннага көбөйгөн. Жүк ташуунун көбөйүшүнүн факторлорунун бири болуп, компаниянын 2021-2022-жылдары 100 жүк ташуучу жартылай вагон сатып алуусу саналат, алар Кыргыз Республикасына келгенден кийин дароо ишке киргизилген. Ошондой эле «Кыргыз […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда коррупция боюнча салмак-габариттик контролдоо постунун 13 кызматкери кармалды
КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Транспорт министрлигине караштуу Салмак көзөмөл департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик контролдоо постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Транспорт министрлигинин кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан тоскоолдуксуз өткөрүү жана ташылып жаткан жүктүн уруксат берилген чегинен ашкан салмагын […]Читать далее
Баткенде 3 ай ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары үчүн 9814 протокол толтурулган. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди. Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринин 2023-жылдын 3 ай ичинде аткарган иштерин жыйынтыктаган ыкчам кеңешме болуп өттү. Ага Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Бактияр Балтабаев жана ЖКККБнын начальниги милициянын подполковниги Мирлан […]Читать далее
ИИМдин Ички аскерлеринде жазгы чакыруу башталды. Бул тууралуу КРнын ИИМнин Ички аскерлеринин басма-сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды жазгы мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жүзөгө ашырылууда. Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен баштап, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: “Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери! Өлкөбүздө дене тарбия жана спорт – мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы багыттарынын бири болуп келген жана болуп кала берет. Бүгүнкү күндө бул тармакта миңдеген адистер иш алып барууда. Албетте, спорттун […]Читать далее