Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга жарандардын конституциялык укугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн “Ачык Бишкек” комитети ачык-айкындуулук, отчеттуулук жана шаарды өнүктүрүүгө жарандардын катышуусун чыңдоого багытталган демилгелерди кабыл алууну жарыялайт. Сунушталган демилгелер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: – мэриянын жана шаардык кызматтардын ишинин ачыктыгын […]Читать далее
Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Алгач Төрага Кочкор районуна караштуу Орток айылында жайгашкан А.Жалпетеков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Алсак, 360 орунга ылайыкталып курулган бул мектеп 1991-жылы пайдаланууга берилген. Азыркы тапта 275 окуучу билим алат. Окуу имаратындагы негизги көйгөй жылытуу системасынын начардыгы. Анткени, мындан […]Читать далее
Ушул жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин дарегине Иран Ислам Республикасынын Айыл чарба жихадынын Өсүмдүктөрдү коргоо уюмунун расмий нотасы келип түшкөн. Анда Кыргыз Республикасынан Иранга импорттолуп жаткан төө бурчактын кызыл, ак жана пинто түрлөрү Иран үчүн карантиндик фитосанитардык тобокелдиги төмөн болгон товарлардын тизмесине кирээрин жана бул продукцияны Иранга экспорттоодо фитосанитардык сертификат талап кылынары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары – БАЭ) болгон жумуш сапарынын алкагында БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри – БАЭнин Тышкы иштер министрлигинин БАЭнин Кыргыз Республикасы менен кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү Сухейл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират кызматташтыгынын кеңири […]Читать далее
КР УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын операцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим чийкисин ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. 2023-жылдын 11-октябрында Баткен-Ош унаа жолунун Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын жараны Б.С.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотула тургандыгын маалымдайт. Ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өтүшү керек. Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат: – жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт; – бирдиктүү салык: […]Читать далее
Ушул жылдын 11-октябрында КР УКМК тарабынан КБР катталган материалдын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (“Пара талап кылуу”) каралган кылмыштын негизинде козголгон иш боюнча К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) М.А.К. кармалды. Кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 9-октябрдан тартып, 15 октябрга чейин, алдын ала маалымат боюнча 14 763 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-189; -Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -228; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-15; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол […]Читать далее
Бишкекте ушул жылдын 4-октябрында атайын операция учурунда кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) жок кылынды. Бул окуя коомчулукта азыркыга чейин кызуу талкууланып, ар кандай сөздөр, пикирлер айтылууда. Ал ортодо уюшкан кылмыштуу топ, алардын лидерлери деген түшүнүк Кыргызстанда таптакыр жок болушу керек дегендер да бар. “Кабар” агенттиги буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун пикирин билди. — Уюшкан кылмыштуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди. Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат. Акылбек Жапаров ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат […]Читать далее