Кыргызстанга Сауд Аравиянын жана Кувейттин туристтик бизнес делегациясы келди

Бүгүн, 2023-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын туристтик дараметин араб дүйнөсүнө жайылтуу максатында Сауд Аравия Королдугунун жана Кувейт мамлекетинин туристтик бизнес делегациясы келди.

 

Сауд Аравиясынын жана Кувейттин туристтик агенттиктерин Кыргызстандын туристтик продуктылары менен тааныштыруу, потенциалдуу туристтик жерлерге барууну уюштуруу, туризм чөйрөсүндөгү адистер, жергиликтүү туроператорлор жана мейманканалар менен жолугушуу, ар кандай пакеттерди жана турларды уюштуруу максатында тийиштүү байланыштарды түзүү, ошондой эле Кыргызстанды Перс булуңунун рыногунда туристтик бренд катары таанытуу иш-чарасы туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк берет.

 

Маалыматтык турдун алкагында келген туристтик компаниялардын өкүлдөрү үчүн тур уюштурулуп, катышуучулар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык негизги тарыхый жана табигый кооз жерлерине барышат.

 

Маалыматтык турдун үчүнчү күнүндө Кыргызстандын туристтик бизнесинин өкүлдөрү менен туризм тармагындагы B2B жолугушуусу уюштурулуп, анда Сауд Арабия жана Кувейт компаниялары менен мындан аркы биргелешкен иш үчүн байланыш түзүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул араб өлкөлөрүнөн биздин өлкөгө келген туристтердин агымын көбөйтүүгө түрткү берет.

 

Аталган иш-чара КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан уюштурулуп, КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун, КР Сауд Аравиясындагы элчилигинин, ошондой эле Шератон, Парк отель, Файв отель, Би отель мейманканалары тарабынан жана Jazeera Travel, Zakher Travel туристтик компанияларынын активдүү колдоосу менен ишке ашырууда.

Связанный пост