Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-апрель күнү саат 23:23тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Кара-Суу, Табылгыты жана Өрнөк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост