Электр кубатына болгон тариф, суу маселеси. Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

 Электр кубатына болгон тариф, суу маселеси. Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган кезектеги маегинде 1-майдан тарта электр кубатына болгон тарифтин жогорулашы, суу маселесине байланыштуу узатылган суроолорго жооп берди.

 

— Мынакей электр кубатына болгон тариф 1-майдан тарта көтөрүлүп жатат. Айрым эл өкүлдөрү тарифтин көтөрүлүшүн дагы сындап, буга чейинки президенттер да тариф көтөрөбүз дегенде эл толкуганын айтып киришти. Буга кандай комментарий берет элеңиз?

 

— Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бергенге аракет кылайын. Албетте, тарифти көтөрбөстөн, башыбызды оорутпайлы, элге жаман көрүнбөйлү деп мурдатан келе жаткан иштерди уланта берсек деле болмок. Бирок биз мурдатан келе жаткан туура эмес иштерди уланта берсек кыргыз элинин, мамлекетинин кусуру урат. Энергетика системабыз 10-15 жылдан кийин биротоло талкаланып жок болуп кетет.

Бүгүнкү күндө энергетика тармагыбыздын карызы 137 миллиард сомду түзөт. Бул эмне болгон карыз деген суроо туулат. Бүгүнкү күндө өндүрүлүп жаткан электр кубатынын 1 кВт/саатынын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт. Кимдир бирөө ГЭСтерден чыккан өздүк баа менен салыштырып, бул өздүк нарк туура эмес деп ойлошу мүмкүн. Ооба, ГЭСтерден чыккан өздүк баа бул баадан төмөн. Бирок ошол ГЭСтерден чыккан өздүк баа менен түздөн-түз башка чыгымдары жок эле түптүз элге жетип калбайт да. Ортодо чыгымдар бар. Мисалы энергетиктердин эмгек акылары, сатылып алынып жаткан жаңы тетиктер, зымдар, мамычалар, тейлөөгө кеткен чыгымдар, көмүр, мазут, импорттоп алып келген электр энергия, техникалык жоготуулардын баары биригип өздүк баага кошулат. Ошол үчүн өздүк баа 2 сом 38 тыйынга чыгып атат. Биз болсо бүгүнкү күндө 1 кВт/саат электр кубатын 0,77 тыйындан сатып келебиз. Ортодогу айырма энергетиктердин мойнуна илинген карыз болуп чогулуп жатат. Муну адистиги бар каалаган жарандарыбыз болобу, же депутаттардан турган комиссия болобу текшерип чыкса болот. Толук укугу бар. Бизде баары ачык. Өз көзүңөр менен көрөсүңөр.

Ооба, мага чейинки президенттер дагы тарифти көтөргөнгө аракет кылышкан. Бирок эл толкуп кетет деп коркушуп, тарифти көтөрбөй, жыл сайын энергетика системасы улам тереңдеп карызга батып олтуруп, 2020-жылга чейинки карыз 137 миллиард сомду түзүптүр.

Мындан сырткары, кышкы мезгилде 3 миллиард кВт/саат электроэнергияны кошуна өлкөлөрдөн импорт кылабыз. Өзүбүздөн чыккан электр кубаты кыш мезгилинде өзүбүздүн керектөөбүзгө жетпейт. 2020-жылга чейин 3 миллиард кВт/саат электроэнергияны Казакстан менен Өзбекстандан 5 сомго чейин накталай акчага сатып алып, 0,77 тыйындан элге берип жүргөн экенбиз. Ортодогу айырма энергетиктердин карызынын үстүнө карыз болуп 137 миллиард сомго чыгышынын бир себеби ушул.

Албетте, система түзүп алышып уурулук кылгандан көбөйгөн карыздар да кошул-ташыл болгон.

Мен келгенде кандай кылдым. Кошуналардан кыштын күнү накталай акчага электр кубатын сатып алган жокмун. Кышта бизге электр кубатын бересиңер, жайда силерге суу агызганда генератор аркылуу агызам. Ошондон чыккан электроэнергия менен кайра кайтарам деп, сууну генератор аркылуу агызып, электроэнергиясын кайтарып коюп атабыз. Бүгүнкү күнү мына ушундай шарт менен иштеп жатабыз.

Мурда болсо сууну жөн эле бош агызып берчү экенбиз. Анткени генератор аркылуу агызалы десек, жайдын күнү анча көлөмдөгү электроэнергия эч кимге керек эмес. Биздин өзүбүзгө да анча көлөмдүн кереги жок.

Азыр башымды оорутуп эмне кылам, менден кийин эмне болсо ошол болсун деп тарифтерди көтөрбөстөн, мурдагыдай иштей берсем деле болот. Менин президенттик мөөнөтүм жапжакшынакай эле өтүп кетет. Бирок анда 10-15 жылдан кийин энергетика системабыз таптакыр өлөт. Дизель генераторлор менен олтуруп калабыз. Мен чет өлкөдө, тагыраагы, Кипрде жашаганымда көргөм. Өлкө электр кубатын дизель генераторлор менен камсыз кылат экен. Дизель генератордон чыккан энергиянын 1 кВт/саатынын өздүк баасын жакшы билесиздер. 501-750 кВт чейин 13 сом 29 тыйындан болот , ал эми 1000 кВт/сааттан көбүрөөк колдонсо 18,02 тыйындан кем болбойт. Эгер кимдир бирөөлөр 23 тыйын үчүн көтөрүлөбүз деген болсо, анда аларды келечекте энергетика системасы талкаланып жок болуп кетсин деген адамдар деп билебиз. Башкача айтууга мүмкүн эмес.

Тарифтерди 23 тыйынга көтөргөнүбүз эле болбосо баары мурдагыдай калды. Тоолуу райондордо чектөө жок. Аз камсыз болгон 112 миң үй-бүлөгө 50 тыйын бойдон калды. 50 тыйын айырманы өкмөт көтөрөбүз.

 

— Жогорку Кеңештеги талкууда энергетика министри бүгүнкү күндө суу, электр кубаты боюнча товар алмашуу саясаты жүрүп жатканын айтты. Ошондо депутат Адахан Мадумаров сууну ресурс катары кабыл алып, сууну сатпайсыңарбы деген суроону койду. Чындап эле сууну товар катары сатууга болбойбу?

 

— Сууну товар катары сатууга да убакыт келет. Азыр БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатат. Кабыл алынса анан сатабыз да. Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт. Бишкекте туруп тили менен Москванын көчөлөрүн таптаза кылып шыпырып коет. 33 жылдан бери депутат болуп, чоң саясатта жүрөт. Ошончолук эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле. Ошончолук мекенчил экени чын болуп, элине, Мекенине күйсө, БУУга кайрылып көрбөйт беле. Кимди болбосун ажылдап беттен алат, акыл үйрөтөт, жооп берейин деген министрлерди кагып-силкип сүйлөтпөйт. Кыскасы ал киши жамандык, кемчилик эле издегенди адат кылып алыптыр. Адам деген кичине жакшы ниетте болуп, алдыга жылууга умтулуш керек го акыры.

Министр мырза: «Сиз сунуш айтыңызчы, кандай иштейин, ушул кризистен кантип алып чыгайын, кантип реконструкция кылайын» десе, эч бир сунуш айта албай какап калды. “Аз уурдаш керек” дейт. Бул сөздү бешинчи класстын баласы деле айта алат. Азыр мурдагыдай уурулук жок. Ошол үчүн карызы үч жылдан бери 137 миллиард сомдон бир тыйын өйдө көтөрүлбөй турат.

Кудай буюрса, бул карыздарынан да кутултабыз. Убакыт керек. Албетте, уурулукту 100 пайыз жок кылып салдык дегенден алысмын. Майда-чүйдө уурулуктар кармалып жатат. Камап, кайра төктүрүп жатабыз. Мурдагыдай системалык уурулук жок. Эгер кимдир бирөөлөр уурдап жатканын билсеңер ачыкка чыгарып берсеңер, андай иштер бизге чоң жардам болот. Эл өзү да энергетика системасындагы уурулукка каршы күрөшүш керек. “Көп түкүрсө – көл болот” дейт. Ким уурдаса ал өзүнүн небере-чөбөрөсүнүн ырыскысын уурдаган болот.

Связанный пост