Кыргызстан менен Кытай 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерди түзүштү

 Кыргызстан менен Кытай 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерди түзүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 17-20-майында Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон биринчи мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду.

Ошондо төмөнкү документтерге, суммасы менен, кол коюлду:

– “China Power International Development Limited” компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу — 800 млн евро;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу — 260 млн АКШ доллары;

– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Universal Energy Co. Ltd” компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум — 100 млн АКШ доллары;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» ортосундагы “Жибек жолунун алыскы шамалы” биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу — 38 млн АКШ доллары;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co.» ортосундагы «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу — 25 млн АКШ доллары.

Мындан тышкары, төмөнкү келишимдер боюнча суммасы жумушчу тартипте такталып жатат:

– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «ТВЕА» компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “China Energy International Group Co Ltd” жана “China Gezhouba Group International Engineering Co. Ltd” компанияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Ош шаарынын мэриясы менен «Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.» компаниясынын ортосунда таштандыларды өрттөөчү завод куруу долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– «ТНК Шумкар» ААКсы менен «Xian Yuanchao” компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу.

Связанный пост