Төрага Нурланбек Шакиев Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына катышты

 Төрага Нурланбек Шакиев Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына катышты

Бүгүн, 22-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына катышты.

Алсак, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында түзүлгөн аталган кеңештин жыйынында депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү мекеме жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү болду.

Иш-чарада экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө аяр мамиле кылуу керектигин айткан Төрага Нурланбек Шакиев: “Акыркы жылдары жер шарында климат өзгөрүп, абанын орточо жылдык температурасынын жогорулоо тенденциясы кескин байкалууда. Натыйжада мөңгүлөрдүн эриши жана кар катмарынын азайышы, суу ресурстарынын кыскарышына алып келет деген чоң коркунуч бар. Андыктан, тиешелүү иш чараларды ыкчам жүргүзүп, экологияны жана жаратылыш ресурстарын сактоо багытында жигердүү иш алып баруубуз кажет”, – деди.

Муну менен катар Париж келишим аркылуу Кыргызстан парник газдарын чыгарууну 43,62% кыскартууга милдеттеме алганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Аталган милдеттеменин алкагында ГЭСтерди куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашыруубуз керек”, – деди. Бул жаатта эл аралык донорлор менен кызматташуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инновациялык жана заманбап технологияларды өндүрүшкө киргизүү маселелерине токтолду.

“Жогорку Кеңеш дагы өз ыйгарым укуктарынын чегинде климаттын туруктуулугун жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого өзгөчө басым жасап келет. Төраганын алдында Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча  кеңештин түзүлүшү мунун анык мисалы. Анткени, аталган Кеңеш жашыл экономиканы өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүн жөнгө салууга багытталган ченемдик-укукту базаны бекемдөө ишин алып барат”,– деди Нурланбек Шакиев.

Андан тышкары, жыйында экологияны коргоо, жашыл экономиканы жайылтуу, жаңы энергия булактарын иштеп чыгуу жаатындагы баяндамалар жасалды.

Связанный пост