Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына келди. Өзбекстандын Президентин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 10:19да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң Алай районунун Бор-Дөбө айылында – 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
2023-жылдын 1-июнунда, Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын биринчи үзгүлтүксүз каттамы учуп келди. Эми жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат. Каттамдын салтанаттуу ачылышында «МЭА» ААКнын Аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын учуу географиясынын кеңейиши Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулаткан маанилүү окуя болуп саналат. Wizz […]Читать далее
2023-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн республиканын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган жашыруун террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сотко чейинки текшерүүлөрдүн алкагында КР УКМКнын инженердик-сапердук тобунун жардамы менен Ош облусунун Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 8 даана граната, 6 даана […]Читать далее
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасына келди. Тажикстандын Президентин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.Читать далее
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына келди. Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.Читать далее
КР Министрлер Кабинетинин 2023 жылы чыгарылган токтомуна ылайык, сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрүнө (мындан ары – СӨЗТМ) ортоктош жоопкерчилик принциптеринин негизинде пайызсыз жана күрөөсүз каржылоо жүргүзүлөт. Бул максаттарга болжол менен 9,6 млн АКШ доллары сом түрүндө бөлүнөт. Каржылануучу фермерлер, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрү. 2023-жылдын 26-майына жалпысынан 100,6 млн сом […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын утушунун 1-этабына бир айга жетпеген убакыт калгандыгын эскертет. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Салык кызматы жарандарды лотереяга катышууга жана баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырат. Лотереянын 1-турунун байге фондунда 10 электромобиль, 1000 смартфон, 150 ноутбук жана башка баалуу байгелер бар. […]Читать далее
Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов Кыргыз Республикасына келди. Белгилей кетсек, Нурмухаммет Аманнепесов Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.Читать далее
Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель Кыргыз Республикасына келди. Белгилей кетсек, Шарль Мишель Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди. Ошондой эле, 3-июнда Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары өтөт.Читать далее