Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты

 Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты

Жетишилген макулдашууга ылайык, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында 2023-жылдын 17-декабрынан 23-декабрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

 

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты.

 

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

 

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Связанный пост