Араван районунда заманбап 225 орундуу мектеп курулду

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жыл ичинде колдонууга бериле турган 100 мектептин бири болгон Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан №46 “Кызыл-Талаа” мектебинин жаңы имараты колдонууга берилди.

Мектептин жаңы имаратын тапшыруу салтанатына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Заманбап мектепти тапшыруу аземинде облус жетекчиси – КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев өлкөдөгү билим берүүнүн өнүгүшүнө заманбап технологияларды колдонуу менен жаштарды окутуу жана тарбиялоо үчүн шарттарды жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Билим берүү коомдун келечегин калыптандырууда негизги ролду ойноорун жана өлкөбүздөгү билим берүү тармагына жасалып жаткан камкордуктар жөнүндө айтып, билимдүү коомду түзүүдө жалпыбыз биргеликте аракет кылууга үндөп, келечек ээлерине куттуктоолорун айтып, белектерин тапшырып, акжолтой мектеп болуусуна тилектештигин билдирди.

Маалымат: Каржы булагы- мамлекеттик бюджет

Кубаттуулугу- 225 орундуу

Куруучу ишкана – “ОсОО” Мастер Строй Сервис

Подрядчик – “ОсОО” Мастер Строй Сервис

Сметалык баасы- 71 млн. сом

Связанный пост